Пластикалык хирургия

Азыркы мезгилде пластикалык хирургиянын Ислам укугунда уруксат берилгендиги же уруксат берилбегендиги мындайча айтканда адал же арам экендиги жөнүндөгү маселе кеңири талкууда. Хирургиянын бул түрүнө шарият уруксат берээр же бербесин билүү үчүн оболу анын максатын, багытын жана пластикалык хирургиянын түрлөрүн талдап чыгуу зарыл.
Пластикалык хирургия адамдын денесинин кайсы бир органындагы, тканындагы же дененин үстүндөгү өзгөрүүлөрдү, майыптыкты кетирүү үчүн оперативдүү кийлигишүү жүргүзгөн хирургиянын бөлүмү.
Пластикалык операцияларды реконструктивдүү жана эстетикалык деп эки негизги түргө бөлүүгө болот.
Реконструктивдүү пластикалык операция ткандардагы жана органдардагы өзгөрүүлөрдү, майыптыктарды, тубаса кемчиликтерди кетирүү үчүн жана алардын табигый функцияларын пластикалык хирургиянын ыкмалары аркылуу калыбына келтирүү үчүн жүргүзүлөт. Мындай операциялар кырсыктын, оорунун кесепетинен дене жаракатын алган же тубаса майыптыгы бар адамдарга жүргүзүлөт. Ийгиликтүү жүргүзүлгөн реконструктивдүү операция бул адамдагы майыптыкты кетирүү менен соо адамдардын арасында сезилүүчү ыңгайсыздыктан кутултуп, толук кандуу жашоо менен жашоого өбөлг түзөт.
Эстетикалык пластикалык операциялар бул сыркы келбетти жакшыртуу максатында пластикалык хирургиянын ыкмаларын колдонуу. Операциялардын бул түрү жаштыкты узарта алат, өзүндө каалаган сулуулукту сезүүгө мүмкүнчүлүк жана ошондой эле өзүндө болгон же ою менен чыгарып алган кемчиликтерден кутулууга жардам берет.
Ислам шарияты дене бөлуктөрүндөгү кемчиликтерди, ткандардагы жана органдардагы майыптыктарды кетирүүгө уруксат берет. Мындай учурда адам өзүнүн табигый келбетин өзгөрпөйт, бирок дененин кемтигин жана майыптыгын кетирет же анын табигый функцияларын калыбына келтирет. Бир хадисте айтылган, Арфажа биин Асад кайсы бир салгылашта мурдунан айрылат да кийинчерээк күмүштү колдонуу менен аны калыбына келтирип алат. Бирок, бир канча убакыт өткөн соң анын мурдунан сасык жыт чыга баштайт. Ал бул жөнүндө Алланын Элчисине (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) даттанган соң, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага алтындын жардамы менен мурдун калыбына келтирүүгө уруксат берет. Андан соң ал алтындан мурундун кебин жасап алат.
عن عبدِ الرحمن بن طرَفَةَ أن جده عَرْفَجَةَ بن أسعدٍ قُطِعَ أنفُه يوم الكُلاب فاتخذ أنفاً من وَرِقٍ، فأنتنَ عليه، فأمرَهُ النبي - صلَّى الله عليه وسلم - فاتخذ أنفاً من ذهب. (سنن ابي داؤد)
«Аль-Фатава аль-Хиндия» китебинде мындай деп айтылган: “Эгерде адам ашык (алтынчы) манжасын кесип таштоого же ушул сыяктуу бир нерсе кылууга ниет кылса, эгерде бул нерсе өлүмгө алып келе турган болсо, анда буга уруксат берилбейт, бирок өлүмгө алып келбей турган болсо ага мындай кылууга уруксат берилет.
إذا أراد الرجل أن يقطع إصبعا أوشيئا آخر قال نصير : إن كان الغالب على من قطع مثل ذلك الهلاك فإنه لا يفعل وإن كان الغالب هو النجاة فهو في سغة من ذلك. (الفتاوى الهندية ٥/٣٦٠)
Бирок, шарият адамдын табигый келбетин сулуулук үчүн гана өзгөртүүгө катуу тыюу салат, анткени бул Алла Тааланын алгачкы жаратуусун өзгөртүүгө барабар.
وَلَأُضِلَّنَّهُمْ وَلَأُمَنِّيَنَّهُمْ وَلَآمُرَنَّهُمْ فَلَيُبَتِّكُنَّ آذَانَ الْأَنْعَامِ وَلَآمُرَنَّهُمْ فَلَيُغَيِّرُنَّ خَلْقَ اللَّهِ وَمَنْ يَتَّخِذِ الشَّيْطَانَ وَلِيًّا مِنْ دُونِ اللَّهِ فَقَدْ خَسِرَ خُسْرَانًا مُبِينًا. (سورة النساء ١١٩)
Хадисте айтылган:
لعن الله الواشمات ، والمستوشمات ، والمتنمصات والمتفلجات للحسن ، المغيرات خلق الله ، ما لى لا ألعن من لعنه رسول الله — صلى الله عليه وسلم — وهو فى كتاب الله.
“Аллах, Анын алгачкы жаратуусун бузуп денесине кал (татуировка) салдыргандарды жана кал салганарды, каштарын тергендерди, каргыш кылган.
Мына ушунун жана Курандын башка аяттарында айтылгандардын негизинде сахабалардан жана табииндерден болгон Ислам аалымдары, айыбы жок дене мүчөлөрүн жана адамдын табигый дене келбетин жүйөлүү себепсиз сулуулук үчүн гана өзгөртүү арам деген бир добуштан жана акыркы пикирге келишкен. Анткени, ден соолугу жайында, сырткы келбетинде эч кандай айыбы жок адам өзүн көтөрмөлөө же болбосо бир атактууга окшошуу үчүн гана өзгөртөт эмеспи. Буга эмчектерин чоңойтуу, мурдунун же эринин формасын өзгөртүү ж.у.с. үчүн жасалган операциялар кирет. Ошондуктан, сырткы келбеттин мындай өзгөртүүлөрү Куранда жана сүннөттө тыюу салынган. Жогоруда айтылып кеткендей, ушундай жол менен эч кандай себепсиз Алла Таалам берген келбетти бузуу шариятта тыюу салынган.
Акырында дагы бир жолу белгилей кетким келет, пластикалык хирургия уруксат берилген жана тыюу салынган эки түргө бөлүнөт:
1) Тубаса майыптыктарды же ар кандай кырсыктардын кесепетинен болгон дене кемчиликтерин жоюу максатында жасалган пластикалык операцияга шариятта жол берилет.
2) Ал эми пластикалык операция эч кандай жүйөөлүү себепсиз, сулуулук үчүн гана жасалган пластикалык операцияга шариятта тыюу салынган жана арам деп эсептелет.
Жасалма жол менен уруктандыруу
Жасалма жол менен уруктандырууну эки негизги түргө бөлсө болот:
1)Бөлөк жубайлардын уруктандырылгын клеткасын же бөлөк эркек-донордун уругун же болбосо түйүлдүктү жетилтүү үчүн бөлөк аялды пайдалануу же болбосо уруктандырылган клетканы атайын термостатта же жатындын ичинде жетилтүү.
2)Жубайлардын уруктук клеткасы жана уругу пайдаланылат жана уруктук клетканын кандай ыкмада өстүрүлгөндүгүнө карабастан, түйүлдүктү жалданма аял эмес аялы өзү жетилтет.
Ислам шариятына ылайык жасалма уруктандыруунун экинчи түрүнө уруксат берилген. Ал эми биринчи түрүнө тыюу салынган.
Аялдын уруктук клеткасын күйөөсүнүн эмес, чоочун эркектин уругу менен уруктандырууга тыюу салынган, арам. Ислам аалымдары бул тыюу салуунун эки негизги себебин айтышат:
1. уруктандыруу чочун эркектин уругу же чочун аялдын урук клеткасы аркылуу жүргүзүлөт. Алланын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн хадисинде мындай деген:
لا يحل لامرئ يؤمن بالله و اليوم الآخر أن يسقي ماءه زرع غيره. (ابوداؤد باب وطئ السبايا)
“Ким Аллага жана Акырет күнгө ишенсе, ага өзүнүн суусу (уругу) менен, бөлөк (адам) сепкенди сугарууга болбойт”.
Бул хадисинде Алланын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн уругу менен чоочун аялды уруктандырууга тыюу салынганын айткан. Бул нерсе аялга да тиешелүү, мындайча айтканда аял өзүнүн уруктук клеткасын чоочун эркектин уругу менен уруктандырууга болбойт.
2. Баланын санжыра бутагынын аралашуусу. Шах Валиуллах дахляви мындай деп жазат:
3. ومنها براءة رحمها من ماءه لئلا تختلط الأنساب فإن النسب أحد ما يتشاح به ويطلبه العقلاء وهو منخواص نوع الإنسان ومما امتاز به من سائر الحيوان.
“Идданын” пайдаларынын бири мындай, ал аркылуу аялдын жатыны ажырашкан күйөөсүнүн уругунан таза экендигине күбө болуу, ал эми бул болсо, ата тектин тазалыгы үчүн керек Чындыгында, ата тек - . акыл-эстуу адам өтө аярлаган нерсе жана бул адам затынын аны айбандардан ажыратып турган өзгөчөлүгү”.