KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Эркектин аялынын алдындагы милдети

Эркектин аялынын алдындагы милдети
Шариятка ылайык эркек аялын баардык жактан камсыздап, багууга милдеттүү. Эркектин иштеп акча таап, үй-бүлөсүн багуусу бул анын милдети. Ал эми аялзаты үйдүн очогунун отун тутантып, үй иштерин кылат. Мисалы: бала багуу, үйдү таза кармоо, тамак-аш даярдоо, кир жуу ж.б. Шарият боюнча аялды өзүн бактыруу туура болбойт. Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) кызы Фатиманы үй иштерин аткарууга буйруп, ал эми күйөө баласы Алини үй-бүлөсүн толук каржылап багууну тапшырган.
Аялын толук камсыз кылып багууда эч кандай маселе жок. Биз бул макалада башка нерсеге токтолобуз, тактап айтканда, күйөөсү аялына канчалык каражат сарпташы керек деген маселеге. Шариятта мындай сарптоо «нафака» деп аталат.


Эркектин милдети

Кыскача айтканда, шарият боюнча эркек аялын баардык жактан камсыз кылуу керек. Эгерде аялы бай болсо, ал өзүн өзү багууга милдеттүү дегенди билдирбейт. Аял эркектин колдоосуна муктаж болуп, анын жубайы катары айткандарын аткарып, бир үй-бүлө болгондугу үчүн, күйөсү аны багууга милдеттү. Ыйык Куранда минтип айтылат:
Эркектер аялдардын үстүнөн башкаруучу. Бул – Аллах бирин экинчисинен (күч-кубатта,акылда, сабырда) абзел-жогору кылганы жана өз ( эмгеги менен тапкан) мал-мүлктөрүнөн (аялын, үй-бүлөсүн) каржылаганы себептүү (Ниса сүрөсү, 34-аят).
Аялын баардык жактан камсыздоо бул эркектин милдети болсо, ал эми эркек тараптан камсыз болуусу аялдын укугу болуп саналат. «Нафака» сөзү «эркектин тапканын үй-бүлөнү камсыздоодо үнөмдүү пайдалануу» деген маанин берет. Башкача айтканда, кийим-кече, тамак-аш ж.б. Нафака – бул күйөөнүн (важиб) милдети. Мындай пикир Куран тарабынан, сүннөт жана ижма тарабынан такталган.


Курандан далилдер

Куранда минтип айтылат:
Аларга мүмкүн болушунча өзүңөр жашаган үйлөрдөн орун бергиле. Аларга кысым көрсөтүү менен зыян жеткирбегиле (Талак сүрөсү,6-аят).
Дагы бир аятта минтип айтылат:
Бай адам байлыгынан (кеңири) камкордук кылсын. Кимдин ырыскысы ченелген болсо, Аллах берген нерселерден (колунан келишинче) камкордук кылсын (Талак сүрөсү, 7-аят).



Сүннөттөн далилдер

Бир хадисте мындай делген:
Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) акыркы ажылык сапарында минтип айткан: «… Алардын укугу боюнча, силер аларды тамак-аш, кийим-кече менен татыктуу түрдө камсыздашыңар керек».
Башка бир хадисте:
Пайгамбарыбыздан (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Аялдын эркекке кандай укугу бар?» деп сурашканда, Алланын Элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун): «Сен эмне жесең аялыңа да ошону жедир. Эмне кийсең, ошону да аялыңа кийгиз. Бетине урба жана аны басмырлаба» деп жооп берген.



Аалымдардын пикирлери

Баардык аалым-мужтахиддердин жана төрт мазхабдын өкүлдөрүнүн пикирлери боюнча нафака – эркектин милдети. Эгерде аялы эрине баш ийбесе, анда нафака эркектин милдети болбойт. Аялдын эркекке баш ийбестиги «нашиза» деп аталат. Бул тууралуу биз кийинки макалада айтабыз.


Эмне үчүн аялды камсыздоо эркекке жүктөлгөн?

Аялзаты назик болуп, үй жумуштарын аткарууга жаратылган. Анын милдети: баланы багып-өстүрүү, аларды тарбиялоо, үйдөгү жумуштарды жасоо. Ал үй жумуштарын жасагандыктан, убакыт таап, өзүн өзү багууга жетише албайт. Ошондуктан шарият боюнча аялды багуу эркекке жүктөлгөн. Нафака бул аялдан үй жумуштарын жасап, бала-бакырасына жана күйөөсүнө кам көрүп жаткандыгы үчүн эркектин ага болгон камкордугу десек болот. Ошондуктан үй-бүлөнү камсыздоону Аллаа Таала эркекке жүктөгөн.


Кайсы учурда эркек аялын камсыздабашы керек?

  • Эгерде аял күйөөсү менен жашабаса, анда эркек аялды камсыз кылууга милдеттүү эмес. Эгерде күйөөсүнүн уруксаты менен аял өз ата-энеси менен жашаса анда эркек камсыз кылууга милдеттүү.
  • Эгерде аял күйөөсүнүн уруксаты менен үйүнөн сырт жакта иштесе, анда эркек камсыз кылат. Эгерде күйөөсү уруксат бербесе, анда аялды камсыз кылуу милдет болбойт.
  • Аял үйдө иштөөгө уруксат, эгерде ал иш анын ден соолугуна жана сулуулугуна терс таасирин тийгизбесе. Эгерде бул иш аялдын ден соолугуна терс таасирин тийгизсе, же башка нерселер таасир этсе, анда эркек аялына бул ишти таштоону талап кылууга милдеттүү.
  • Эгерде аялы кандайдыр бир оорунун айынан өз ата-энесиникинде болсо, анда күйөөсү аны камсыздоосу керек. А эгерде күйөөсү аялына үйүнө келүүнү талап кылса, анда бул талапты аялы аткарышы керек.
  • Эгерде аял күйөөсүнүн уруксаты жок ажыга барса, анда ханафит мазхабы боюнча күйөөсү анын каражатын үйгө келгенче камсыздабайт. Бирок имам Абу Юсуф аялдын ажыга барган жолун эмес, ошол жактагы каражатын камсыздашы керек деп эсептейт.
  • Эгерде кандайдыр бир кокустук болуп, күйөөсү түрмөгө түшүп калса да, же жаман оорулар менен ооруса да, булардын айынан аялына жакындык кыла албаса да, баары бир аялын камсыз кылууга милдеттүү.
  • Эгерде интимдик жактан ооруга байланыштуу аялынын абалын турмуш курганга чейин билсе, анда күйөөсү аны багууга милдеттүү.


Аялынын медициналык муктаждыктарына күйөөсү каражат бөлүүгө милдеттүүбү?

Фатва боюнча, күйөөсү аялынын медициналык муктаждыктарына каражат бөлүүгө милдеттүү эмес. Бирок, азыркы окумуштуулар аялы ооруп калса, анда аны карап-багуу күйөөнүн милдети деп эсептейт. Мурдагы окумуштуулардын пикири боюнча ал учурда оорулуу аял үй шартында дарыланган жана ал убакта дары-дармек табигый болуп, баары үй шартында даярдалган. Адамдар азыркы учурда дарыланууга жана ден соолукка кам көрүүдө жубайлар бири-бирине кам көрүшү зарыл деп эсептешет. Ошондуктан, фатва боюнча эркек аялынын жана бала-бакырасынын ден соолугуна кам көрүп, аларга тиешелүү дары-дармектерди алып берүүгө милдеттүү.


Камсыздоого канча каражат кетет жана анын өлчөмү канча?

Камсыздоо өз ичине үч категорияны камтыйт. Алар:
  1. Тамак-аш азыктары,
  2. Кийим-кече,
  3. Турак-жай.
Турак-жай жана баардык үй ичиндеги зарыл нерселерди камсыздоо эркектин милдети болуп саналат.
  • Аялынын ден соолугуна кам көрүп, каражатын камсыздоо.
  • Аялга өзүнө керектүү нерселерди сатып алуусуна каражат бөлүп берүү.
  • Эгерде аялы иштебесе, анда анын күнүмдүк каражатын камсыздоо.
  • Эркектин каражаты кайсы бир аймакка жана иштеп тапкан акчасына карата коромжуланат.


Үй-бүлөлүк каражатты бөлүштүрүү

Жубайлар көбүнчө финансылык каражаттарын өздөрүнүн социалдык абалына карата бөлүштүрө алышат. Буга казы (шарияттык сот) тоскоол болбошу керек. Эгерде күйөөсү аялынын муктаждыктарына акча бөлбөсө, анда казы (шарияттык сот) белгилүү өлчөмдө акчаны белгилеп коюусу керек.


Заманбап буюмдар

Эгерде аялы баалу, кымбат буюмдарга муктаж болбосо, анда күйөөсү аларды алып берүүгө милдеттүү эмес.


Алтын ортолук

Эркек ичи тар болбой, аялын дайыма аярлап кароо менен бирге ага дайыма жакшы көз карашта болуп, ага татыктуу мамиле кылуусу керек. Аялына жана бала-бакырасына сарптаган каражат Алла Таала алдында садака болуп эсептелет. Хадисте минтип айтылган:
Алла Таала үчүн сарп кылынган садака үчүн, жада калса аялыңдын оозуна салган кичине тиштем үчүн сен сыйга жетесиң (Бухари).
Дагы бир хадисте минтип айтылат:
…Сен балдарыңа эмне берсең да - ал садака, аялыңа эмне берсең да – ал да садака (Муснад Ахмад).
Ыйык Куранда:
Алар эгер (дин жолунда) садака-ихсан кылса ысырапчыл да болушпайт, сараң да болушпайт. Ушунун ортолугунда турушат (Фуркан сүрөсү, 67-аят).
Бир жагынан алганда, аял болгон нерсеге шүгүр кылган, көп нерсени талап кылбаган аял болушу керек. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) көптөгөн хадистеринде аял күйөөсүнөн көп нерсени талап кылбай, жолдошунун тапканын шүгүрчүлүк менен кабыл алышы зарыл экендиги айтылат. Имам Муслим берген хадистерге ылайык, Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) аялдарынын муктаждыктары көбөйгөн учурда алардан алыстап, бир айга жакын убакыт өзүнчө болгон. Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) Абу Суфяндын аялы Хиндиге:
Күйөөңдүн тапканынан өзүңө жана балдарыңа керектүүсүн каалашыңча үстөгү менен ал».


Кантип үй-бүлөлүк мамилени бекем кылуу керек?

Эгерде жубайлар үй-бүлө үчүн, балдары үчүн, үй-бүлөлүк бакубатчылык үчүн эч нерсе кылбай туруп, бири-биринен ашыкча нерсени талап кылса, анда бул туура эмес. Мындай учурда үй-бүлөлүк абал жарга кептелет. Жубайлардын бири-бирине болгон жылуу мамилеси менен, ортодогу махабат менен, бири-бирин түшүнүүчүлүк менен гана үй-бүлө ынтымагын бекемдөөгө болот. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) аял затын күйөөсүнө жакшы мамиле кылууга, аны угууга буйруса, ал эми эркекке аялына жумшак мамиле кылууга, ага кам көрүүгө, аны коргоого, анын муктаждыктарын канааттандырууга, аны басмырлабай, урбай мамиле кылууга, ага кеткен чыгымдарды аткарууда кең пейил болууга буйруган. Албетте, аялзатына болгон жакшы мамиледе Пайгамбарыбыздын (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) жубайына кылган мамилеси ‒ бул жүрүш-туруштун жана моралдык жактан бийиктиктин эң жогорку баалуу үлгүсү. Жараткан Алла Таала баардык күйөөлөргө аялына жакшы мамиле кылуусуна жардам берсин!
Автор:
Татиков Рафаил
20:51

Башка фатвалар

Жайнамаз милдеттүүбү?
Бисмиллахир Рохмаанир рохиим  الجواب حامدا و مصليا Намаз окуш үчүн жайнамаз милдеттүү эмес
Орозо эмне үчүн фарз (милдеттүү) болгон?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا — Эс-акылдуу кишиге Аллах
Аял курмандык чалууга милдеттүүбү?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Эгерде, балагатка жеткен аял