KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Шарият боюнча ажырашуу

Шарият боюнча ажырашуу
Күнүмдүк тиричиликтеги айрым бир суроолорго жооп табууда дин жактан жетиштүү билимге ээ болбой, Ислам дининин негизин так, туура жана толук түшүнбөгөн мусулмандарыбыз арабызда бар экендиги бизди өкүндүрөт. Ошондуктан, кээ бир учурда жөнөкөй суроолорго жооп табууда кээ бир катачылыктар кетип жатат. Мындай суроолордун бирин алсак, ал талак маселеси. Азыркы учурда бул талак маселеси эң жооптуу жана кеңири тараган көйгөйлүү маселе болууда. Биз бул макалада талак деген эмне, ал кайсы убакта берилет, анын аягы кандай болот деген суроолорго жооп бергенге аракет кылабыз.

Жараткан Аллаа Таала жубайларга чогуу жана ынтымакта өмүр сүрүүнү, бири-бирине жакшы мамиле кылууну, үй-бүлө очогун бекемдөөнү осуят кылып, үй-бүлөнү бардык жактан бекем сактоого буйруган. Бирок көп учурда бул осуят аткарылбай калууда. Кээ бир үй-бүлө бирге жашоодогу ар кандай кыйынчылыктарды жеңип жашоодо алсыз болуп калууда. Албетте, бардык убактарда эле жубайлардын ортосунда сүйүү жана бири-бирин түшүнүүчүлүк боло бербейт. Кыйынчылыктарды көтөрө албай ызы-чуу болуп кеткен учурлар да болот. Кээде ызы-чуу күндөн күнгө уланып, ынтымак ыдырап, жубайлар акыры ажырашуу чечимин кабыл алган учур пайда болот. Мындай учурда Ислам дини боюнча күйөөсү аялына талак берет.

Талак деген эмне?

Шариятта талак — бул күйөөнүн аялы менен никени бузуу үчүн айткан сөзү. «Талак» сөзүн үч жолу айтуу менен күйөө менен аялынын ортосундагы нике бузулат. Эркек талак берүүчү болсо, аял талакты алуучу болот.


Талак сөзү

Күйөөсү аялына, мисалы: «Мен сага талак бердим» деп айтса, же « Мен сени менен ажырашам», же дагы «Биз ажыраштык» десе булар талак сөздөрү болот. Мындай сөздөр айтылган соң, Ислам шарияты боюнча нике бузулуп, талак аткарылган болуп эсептелет.


Качан талак берилет?

Талак жубайлардын бирге жашоого такыр мүмкүнчүлүгү калбай калган учурда берилет. Бул ар түрдүү себептерден келип чыгат. Мындай абалга туш болгондо жубайлар жакшылап ойлонушу керек. Эгерде такыр эле бирге жашоого болбой калса, анда ажырашууга туура келет. Ошол эле учурда ар бир уруш-жаңжалда эркектин аялына жогоруда айтылган создөрдөй талакка тиешелүү сөздөрдү кайра-кайра айта берүүсү туура эмес жана күнөө болуп саналат. Эгер ажырашууну кааласа талак сөзүн айтуу жетиштүү болот. Талактын формуласы боюнча күйөөсү аялына талак айтуу менен анын айызы үч жолу келгенче (бул учур идда деп аталат) тынч коюу зарыл. Мына ушул убакыттан соң аялдын башы бошойт. Жубайлар бири-бирине чоочун киши катары болушат. Тактап айтканда, мына ушул убактан баштап алар жубайлар болуп саналбайт. Аялга башка күйөөгө тийүүгө уруксат берилет.


Талактын кесепеттери

Талактын эки түрү бар: радж’и жана баин. Радж’и талак — бул талак идда учурунда эч кандай ажырашуу тууралуу сөз кылбай, идда бүткөн соң жубайын кайтарып алуу. Идда убактысы бүткөндөн кийин жубайлар кайрадан никеге турушса болот. Ислам үй-бүлөлүк укугунун терминологиясы боюнча бул радж’и деп аталат.

Баин талагы — бул талактын формуласы толук аткарылгандан кийин жубайын такыр кайтара албай турган талак. Бул талактын жыйынтыгы - күйөөсү аялына бир же эки жолу талак бериши. Эгерде эркек аялга үч жолу талак берсе, анда жубайлардын жарашууга мүмкүнчүлүгу жок. Мындай талак «муголляза талагы» деп аталат.
Автор:
Татиков Рафаил
21:01

Башка фатвалар

Шарият боюнча союлган адал жаныбарлардын кайсы мүчүлөрүн жегенге болбойт?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Ханафи мазхабына ылайык шарият боюн
Шарият боюнча кантип туура карызга берүү керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا 1.
Банктык карталардын шарияттагы абалы
Банктын пластикалык картасы (же банктык төлөм картасы) накталай эмес эсептешүү каражаты болуп эсепте