Рамазан айынын кандай өзгөчөлүктөрү бар?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Рамазан айы бөлөк айлардан өзүнүн кээ бир өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат:
1. Бул айда Аллах Тааланын Куран жана башка китептери түшүрүлгөн. Аллах Таала айтат:
“Рамазан айы, анда Куран түшүрүлгөн, адамдарга туура жолго жолдомо берүү үчүн жана ачык-айкын далилдерди көрсөтүү үчүн, туура жол табууга жана акыйкатты жалгандан ажыратууга”. («аль-Бакара» сүрөсү, 185 аят).
"شهر رمضان الذي أنزل فيه القرآن هدى للناس وبينات من الهدى والفرقان" (البقرة، الآية: ١٨٥).
2. Бул айда мусулмандарга орозо фарз кылынган. Аллах Таала айтат: “Эй, ыйман келтиргендер! Силерге орозо фарз кылынды, силерден мурдагыларга фарз кылынган сыяктуу. Мүмкүн, силер Аллахтан коркуучу болоорсуңар”. («аль-Бакара» сүрөсү, 183 аят).
"يايها الذين آمنوا كتب عليكم الصيام كما كتب على الذين من قبلكم لعلكم تتقون" (البقرة، الآية ١٨٣).
3. Бул айда бардык жакшы амалдарга сооп берилет, ошондуктан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) бул айда ибадаттарды, садакаларды жана дубаларды көбөйткөн. Хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) Рамазан айында үч амалга: ибадатка, садакага жана дубага айрыкча көбүрөөк көңүл бөлгөн деп айтылат.
عن ابن عباس قال: كان رسول الله صلى الله عليه وسلم إذا دخل شهر رمضان أطلق كل أسير وأعطى كل سائل. (مشكاة المصابيح ١/١٧٤ كتاب الصوم، ط: قديمي).
4. Кадыр түнү дал ушул Рамазан айына туш келет. Бул берекелүү Кадыр түндүн Рамазандын акыркы он күндүгүндө түшүүсүнүн ыктымалы бар, андан да көбүрөөк ыктымал бул он күндүктүн так күндөрүндө, мындайча айтканда 21, 23, 25, 27 жана 29-түнү түшүүсүндө.
عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "أتاكم رمضان... لله فيه ليلة خير من ألف شهر، من حرم خيرها فقد حرم". (أخرجه النسائي ١/٥٤٠ رقم: ٢١٠٦ ط: البشرى).
5. Бул айда таравих намазы окулат жана таравих учурунда Куран толук окулуп бүтөт.
أجمع المسلمون على سنية قيام ليالي رمضان، وقد ذكر أن المراد بقيام رمضان صلاة التراويح يعني أنه يحصل المقصود من القيام بصلاة التراويح. (الموسوعة الفقهية ج:٢٣ ص:١٤٤ ط: كويت).
6. Бул айда эътикаф кылынат (эътикаф жөнүндө кеңирирээк «Эътикаф» бөлүмүнөн караңыздар).
Айша (ага Аллахтын ыраазылыгы болсун) риваят кылат, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) Рамазандын акыркы он күндүгүндө эътикафты Аллах Таала аны Өзүнө алып кеткенген чейин кылган.
ذهب الفقهاء إلى أن الاعتكاف في العشر الأواخر من رمضان سنة مؤكدة لمواظبة النبي صلى الله عليه وسلم عليه... إلخ (الموسوعة الفقهية ج:٢٣ ص:١٤٤ ط: كويت).
7. Бул айда мусулмандар бөлөк айларга караганда Куранды алда канча көбүрөөк окушат жана Алланы да көбүрөөк эстешет (зикр кылышат).
يستحب في رمضان استحبابا مؤكدا مدارسة القرأن وكثرة تلاوته، وتكون مدارسة القرآن بأن يقرأ على غيره و يقرأ غيره عليه، ودليل الاستحباب: "أن جبريل كان يلقى النبي صلى الله عليه وسلم في كل ليلة من رمضان فيدارسه القرآن". (الموسوعة الفقهية ج:٢٣ ص:١٤٥ ط: كويت).
8. Бул айда орозо кармагандар үчүн ифтарлар уюштурулат.
لحديث زيد بن خالد الجهني قال: قال رسيول الله صلى الله عليه وسلم: "من فطر صائما كان له مثل أجره غير أنه لا ينقص من أجر الصائم شيئا. (الموسوعة الفقهية ج:٢٣ ص:١٤٥ ط: كويت).
9. Бул айда Умра кылууга өзгөчө берекелер жана сооптор түшүрүлөт. Хадисте: “Рамазан айындагы Умра Ажылыкка тете (сооп жагынан)” – деп айтылган.
عن وهب بن خنبش قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "عمرة في رمضان تعدل حجة". في الزوائد: حديث وهب بن خنبش إسناد الطريق الأولى من طريق صحيح. (سنن ابن ماجه رقم: ٢٩٩١ ط: دار احياءالكتب العربية).
10. Бул айда чектен чыккан баш ийбес шайтандар кишенделет.
"إذا جاء رمضان فتحت أبواب الرحمة، وغلقت أبواب جهنم، وسلسلت الشياطين" (ن عن أبي هريرة). (كنز العمال، كتاب الصوم من قسم الأقوال، ٢٣٦٦٣، ٨/٤٦٢، ط: بيروت).
11. Рамазан айы – күнөөлөр кечирилүүчү ай. Хадисте айтылган:
«Ким Рамазан айында ыйманы менен (Аллахка) жана Анын убадаларынын акыйкаттыгына болгон терең ишеним менен орозо кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет».
"من صام رمضان فعرف حدوده وتحفظ مما ينبغي أن يتحفظ منه كفر ما قبله" (حم، ع، حب، حل، ق، ض، هب، عن أبي سعيد). (كنز العمال، ٢٣٧٢٦، ط: بيروت).
"من صام رمضان وأقامه إيمانا واحتسابا غفر له ما تقدم من ذنبه" (حم عن أبي هريرة). (كنز العمال، ٢٣٧٣١، ك ط: بيروت).
فقط و الله اعلم