KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Айыз мезгилинде эмнелерди кылууга уруксат берилбейт?

Айыз мезгилинде эмнелерди кылууга уруксат берилбейт?
Айыз мезгилинде эмнелерди кылууга уруксат берилбейт?

 

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Айыз учуруна аялдарга төмөндөгү нерселерди кылууга тыюу салынат:

1. Намаз окууга. Айыз убактысы өткөн соң, айыз учурундагы каза болгон намаздарын толтуруу милдет эмес. Айыз мезгилинде намаз убактысы келгенде аял киши даарат алып, адатта намаз окуп жүргөн жерине олтуруп намаз окуй турган убакыт өлчөмүндө субханаллох, альхамдулиллах, Аллоху Акбар, лаа илаха илла Аллоху  ж.б. зикрлерди кылганы жакшы.

2. Тилават саждасын кылуу.

ومنها أن أن يسقط عن الحائض والنفساء الصلاة فلا تقضي هكذا في الكفاية... ويستحب للحائض إذا دخل وقت الصلاة أن تتوضأ وتجلس عند مسجد بيتها تسبح وتهلل قدر ما يمكنها أداء الصلاة لو كانت طاهرة كذا في السراجية وفي الصغرى الحائض إذا سمعت ىية السجدة لا تسجد عليها كذا في التاترخانية. (الفتاوى الهندية ١/۳۸ ط: رشيديه).

3. Куран окуу. Бирок, дуба маанилерин камтыган мисалга “Раббанаа аатинаа фид дуния хасанатан...” сыяктуу аяттарды окууга жана демейде айтылуучу “альхамдулиллаа” сыяктуу сөздөрдү айтууга уруксат берилет. Бирок, аларды Куран окуу максатында айтууга уруксат берилбейт. Мугалим аялга айыз мезгилинде Куран окууга уруксат берилбейт, бирок аларды бирге окубастан (тилават кылбастан) сөздөрдү ажыратып бир бирден айтып окутууга мүмкүн. Азандын сөздөрүнө жооп берүүгө жана араб тилиндеги бардык дубаларды айтууга уруксат берилет.

ومنها حرمة قراءة القرآن... إلا أن لايقصد بما دون الآية القراءة مثل أن يقول الحمد لله يريد الشكر أو بسم الله عند الأكل... وإذا حاضت المعلمة قينبغي لها أن تعلم الصبيان كلمة كلمة وتقطع بين الكلمتين... ويجوز للجنب والحائض الدعوات وجواب الأذان ونحو ذلك كذا في السراجية. (الفتاوى الهندية ١/۳۸ ط: رشيديه).

4. Куранды жана башка китептердеги Курандын тексттерин кармоого. Куранды жабыштырылбай оролгон тышы менен кармоого  жана кездемеге оролгон Куранды кармоого болот. Курандын аяттары жазылган барактын актай жерлерин кармоого да тыюу салынат. Ислам китептерин: тафсирлерди, хадистер, фикх, жыйнактарын, бөлөк тилдеги Куран котормолорун кармоо дурус эмес. Ошондой эле Куран аяттарын камтылган каттарды, китептерди жазууга да уруксат берилбейт, аларды окубаса дагы.

ومنها حرمة مس المصحف لا يجوز لهما وللجنب والمحدث مس المصحف إلا بغلاف متجاف عنه... ولا يجوز مس شيء مكتوب فيه شيء من القرآن... ولو كان القرآن مكتوبا بالفارسية يكره لهم مسه... إلخ (الفتاوى الهندية ١/۳۸ ط: رشيديه).

5. Орозо кармоого. Айызы бүткөн соң, айыз мезгилинде кармалбай калган (каза) орозолорун кайра кармап толуктап берет.

ومنها أن يحرم عليهما الصوم فتقضيانه هكذا في الكفاية. (الفتاوى الهندية ١/۳۸ ط: رشيديه).

6. Таваф кылууга, эгерде ал  “Аль-Харам” мечитинин сыртында болсо да.

ومنها حرمة الطواف لهما بالبيت وإن طافتا خارج المسجد. (الفتاوى الهندية ١/۳۸ ط: رشيديه).

7. Мечитке кирүүгө, мечиттин ичинен өтүүгө. Кирүүгө эң зарыл учурда гана уруксат берилет.

ومنها أنه يحرم عليهما وعلى الجنب الدخول في المسجد سواء كان للجلوس أو للعبور هكذا في منية المصلي. (الفتاوى الهندية ١/۳۸ ط: رشيديه).

8. Айыз учурунда күйөөсү менен жыныстык катнашта болуу чоң күнөө болуп эсептелет. Аялын өбүүгө жана анын жанына жатып уктоого уруксат берилет, бул күнөө эмес. Бирок, ашыкча эркелешүү жыныстык катнашка алып келбес үчүн, этият болуу керек. Эгерде, кокусунан жыныстык катнаш болуп кетсе, анда күнөөсүнө тобо кылып  жана Алла Тааладан кечирим суроо керек. Ошондой эле, бир же жарым динар өлчөмүндө  кедейлерге  садака кылып коюу дурус. Динардын наркы акчалай 12000-13000 сомду түзөт. Бирок, садака берүү жасалган күнөөнүн акысы эмес экендигин эске алуу керек.

ومنها حرمة الجماع هكذا في النهاية والكفاية. وله أن يقبلها ويضاجعها... فإن جامعها وهو عالم بالتحريم فليس عليه إلا التوبة والاستغفار. ويستحب أن يتصدق بدينار أو نصف الدينار كذا في محيط السرخسي. (الفتاوى الهندية ١/۳٩ ط: رشيديه).

Айыз бүтөөр замат дароо гусул кылып жуунуу зарыл.

ومنها وجوب الاغتسال عند الانقطاع هكذا في الكفاية. (الفتاوى الهندية ١/۳٩ ط: رشيديه).

اعلم والله فقط  

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Султанали Гапуров
Жакты
0
16:23
381

Башка фатвалар

Орозо учурунда гусул кылууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا – Орозо учурунда гусул кы
Курмандыкты Курман айт намазы аяктай электе кылу кылууга  уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде, курмандык Курман айт намазы а
Намазда дубаны кыргыз тилинде кылууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Намазда дубаны араб тилинен башка кыр