Ижарага алынган жердин үшүрүн ким берет? Ижарага берүүчүбү, же ижарага алуучубу?

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
الجواب حامدا و مصليا
Бул маселеде Имам Абу Ханифа (рохматуллохи ъалайхи) жана Соохибайндын (Имам Мухаммад жана Имам Абу Юсуф) ортосунда кайчылаш пикирлер бар. Бирок, көптөгөн аалымдар, алардын ичинен Имам Сарахси (рохматуллохи ъалайхи) жана «Бадаиъ Сонаиъ», «Бахрур-Роик» жана ушул сымал фатва жаатында атактуу китептердин авторлору жана мутааххирин уламалар учурда фатваны Соохибайндын сөзүнө берип келишет, ижарага алынган жердин үшүрүн ижарага алуучу адам берет. Мунун бир канча себептери бар:
1) Эреже боюнча жерден чыккан эгин кимдики болсо, ошол адам үшүрүн берет. Үшүр берүү үчүн жердин ээси болу шарт эмес, мисалы: жерди ариятка (убактылуу колдонгонго) алган адам жердин үшүрүн берет жердин ээси эмес.
2) Мурдагы доордо ижаранын акысын, көбүнчө түшүм жыйналгандан кийин ошол түшүмдөн берип келишкен жана жердин ээси үшүрүн да ошол учурда берүү адат болуп калган. Ал эми бүгүнкү күндө ижаранын акысы көбүнчө келишимдин башында эле акчалай берилип келет андан кийин жердин ээси ал жерине кайра үшүр алганы барбайт жана түшүм канча болгонун канча үшүр берүү керек экенин да билбейт. Мына ушул себептердин негизинде уламалар учурда үшүрдү жердин ээси бербей, ижарага алуучу адам берип калгандыгы адатка айлангандыгы үчүн, эгиндин үшүрүн ижарага алган адам берет деп Соохибайындын сөзүнө фатва берип келишет.
و لو آجر أرضه العشرية فعشر الخارج على المؤاجر عنده و عندهما على المستأجر وجه قولهما أن العشر يجب في الخارج و الخارج ملك المستأجر فكان العشر عليه كالمستعير...إلخ (بدائع ج: ٢ ص: ٥٦).
رجل استأجر أرضا من أرض العشر و زرعها. قال أبو يوسف و محمد رحمهما الله العشر في الخارج على المستأجر وجه قولهما أن الواجب جزء من الخارج و الخارج كله للمستأجر فكان العشر عليه كالخارج فى يد المستعير. (المبسوط ج: ٣ ص: ٥).
قال العلامة الحصكفي رحمه الله: قالا على المستأجر كمستعير مسلم و في الحاوى و بقولهما نأخذ.
قال العلامة ابن عابدين رحمه الله فإن أمكن أخذ الأجرة كاملة يفتي بقوله وإلا فبقولهما لما يلزم عليه من الضرر الواضح الذي لا يقول به أحد. (فتاوى شامي ٢/٣٣٤، كتاب الزكاة، باب العشر، فروع في زكاة العشر ط: سعيد).
(قوله قواعدنا لا تأباه) كذا نقله الباقاني فى شرح الملتقى عن شيخه البهنسى لأن العلة فى العدول عن العشر الى نصفه فى مسقى غرب أو دالية هي زيادة الكلفة كما علمت و هى موجودة فى شراء الماء. (رد المحتار).
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق