KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Эгерде монтаж кылуучу көбүкчө же клей колго жабышып калса кандай кылып даарат алуу керек?

Эгерде монтаж кылуучу көбүкчө же клей колго жабышып калса кандай кылып даарат алуу керек?
Эгерде колго монтаждык көбүкчө же клей жабышып калса, канча аракет кылынса да кетпесе, анда кандай даарат алуу керек?

Даарат орундалыш үчүн, милдеттүү жуулчу мүчөлөргө суу жетиш керек. Эгер кайсы бир дене мүчөсүнө суу жетпей калса анда даарат жараксыз болот. Азыркы убакта монтаждык көбүкчөнү жана клейди кетире турган ар кандай атайын эритүүчү каражаттар бар. Мындай каражаттарды үйдө көбүрөөк камдап алуу жакшы болот. Эгерде мындай каражат жок болуп калса, анда башка жуучу каражаттар, мисалы: самын, айна, сода ж.б. менен мүмкүн болушунча аябай жуу керек. Андан соң даарат алып, намаз окуй берсеңиз болот. Даарат жана намаз кабыл кылынган болуп эсептелет.

وفي الجامع الصغير: سئل أبو القاسم عن وافر الظفر الذي يبقى في أظفاره الدرن أو الذي يعمل عمل الطين اوالمراة التي صبغت أصبعها بالحناء اوالصرام اوالصباغ قال: كل ذلك سواء يجزيهم وضوءهم إذ لا يستطاع الامتناع عنه إلا بحرج والفتوى على الجواز. (الفتاوى الهندية ۱/٤).

ويعفى أثر شق زواله بأن يحتاج في إخراجه إلى نحو الصابون. (مجمع الانهر ۱/ ۹۰).

والمراد بالأثر اللون والريح فإن شق إزالتهما سقطت. (البحر الرائق ۱/۲۳۸).

 

شرط صحته أي الوضوء زوال ما يمنع وصول الماء إلى الجسد كشمع شحم. (مراقي الفلاح مع حاشية الطحطاوي ص:۲٦ اشرفيه).

والله اعلم بالصواب

 

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Эратов Равшан
Жакты
+5
21:46
2152

Башка фатвалар

Эгерде намазда эки жолу «Фатиха» сүрөсүн кайталап окуп алса, анда намазды кайта баштан окуу керекпи?
Эгерде кимдир бирөө фарз намаздын биринчи же экинчи рекетинде «Фатиха» сүрөсүн эки жолу
Эгерде кимдир бирөө Куран окуп жатса, аны угуу керекпи?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا  “Куранды уккула” деген өкүм ж