KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Шектүү тамак жесе болобу?

Шектүү тамак жесе болобу?
Ассаламу алейкум!
Мен адал-арам маселесине көбүрөөк көңүл бурайын дейм, тамак аш боюнча ж/б. Кээде тууган же тааныштардыкына барганда, эт кошулган тамак, аш болсо күмөнгө түшө берем. Жэбей коёюн десем таарынышат, жаман көрөт, бирок жейин десең, алар динден аз-маз кабары болсо да, адал-арамга көп маани беришпейт. Мисалга: өлүп калган малдар болсо, өлгөнүнө аз эле болду, эти таза эле деген учурга да күбө болгом. Албетте андай учурда бизге ачык белгилүү болсо жебейбиз деңизчи, бирок билбеген учурда кандай кылыш, керек? Балким адал союлган эт деле болушу мүмкүн да, кээде. Эмненин эти деп сурай бергенден да уяласың. Кандай кылыш керек? Же жакшы күмөн кылып жей бериш керекпи?

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баркатуху!

الجواب حامدا ومصليا

Негизинен тамак аш күмөн менен арам кылынбайт. Бирок жей турган тамагыңыздын арам экенине жүрөгүңүздө толук ишеним болсо анда жегенге болбойт. Ал эми жөн гана күмөн болсо анда божомол күмөндөн оолак болуп жей берсениз болот. А эгерде туугандарыңыз ар дайым арам –  адалды аралаштырып жиберсе, сиз уялбай сурай бериңиз, аларга да арамдын жаман, зыян экенин түшүндүрүп, адалдын жакшы жактарын айта бериңиз. Кокус барып калсаңыз шектүү тамактан жебей, нан, чай ичсеңер болот. Аллах Таала баарыбызга адал тамактанууга мүмкүнчүлүк берсин.

خرج الإمام أحمد من حديث شَرِيك ، عَنْ جَابِرٍ ، عَنْ عِكْرِمَةَ ، عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ ، قَالَ : أُتِيَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِجُبْنَةٍ فِي غَزَاةٍ ، فَقَالَ : أَيْنَ صُنِعَتْ هَذِهِ ؟ فَقَالُوا : بِفَارِسَ ، وَنَحْنُ نُرَى أَنَّهُ يُجْعَلُ فِيهَا مَيْتَةً . فَقَالَ : اطْعَنُوا فِيهَا بِالسِّكِّينِ ، وَاذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ وَكُلُوا.(المرجع السابق: ١/٤٩٨، حديث رقم/٢٧٥٠ من مسند عبد الله بن عباس رضي الله عنهم)

و لا بأس بدعام المجوس كله إلا الذبيحة فإن ذبيحتهم حرام... ولابأس بالذهاب الي ضيافة أهل الذمة هكذا ذكر محمد.... ويكره الأكل و الشرب في أواني المشركين قبل الغسل و مع هذا لو أكل او شرب فيها قبل الغسل جاز، ولا يكون آكلا وشاربا حراما و هذا إذا لم يعلم بنجاسة الأواني، فأما إذا علم فلا يجوز أن يشرب و يأكل منها قبل الغسل. (الفتاوي الهندية:٥/۳٤٧).

فقط والله تعالٰی اعلم و علمه أتم

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+3
03:09
1244

Башка фатвалар

Тамак аштын үстү кечкисин кээде унутулуп үстү жабылбай калса эртеси жесе болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Түнкүсүн идишти жабуу буйругу - бул ү
Бала эмизем орозо кармасам болобу? Балам кошумча тамак жейт бирок.
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا –    
Аңырдын этин жесе болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Ханафий фикх эрежелеринин негизинде, суроодо ай