KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Күн чыгуу убактысында багымдаттын казасын окусам болобу?

Күн чыгуу убактысында багымдаттын  казасын окусам болобу?
Ассалааму алайкум кун чыгуу убактысында багымдаттын казасын окусам болобу?

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен

الجواب حامدا و مصليا

Каза намаздарды үч убакытта окуган болбойт:

1. күн чыгып баштаганда күндүн кызылы кетгенге чеийн, мындайча айтканда, күн бир найзанын бийиктигине көтөрүлгөнгө чейин;

2. күн батып баштаганда, мындайча айтканда, күн кызыл болуп баштагандан баштап толук киргенге чейин;

3. күн чак түштө, башкача айтканда, күн тик турганда. Ошол үч убакытта каза жана башка намаздарды окуган болбойт.

في الدر: (وكره) تحريما وكل كا لا يجوز مكروه (صلاة) مطلقا (ولو) قضاء أو واجبة أو نفلا أو (على جنازة وسجدة تلاوة وسهو) لا شكر قنية (مع شروق) إلا العوام فلا يمنعون من فعلها لأنهم يتروكنها والأداء الجائز عند البعض أولى من الترك كما في القنية وغيرها (واستواء) إلا يوم الجمعة على قول الثاني المصحح المعتمد كذا في الأشباه ونقل الحلبي عن الحاوي أن عليه الفتوى (وغروب إلا عصر يومه) فلا يكره فعله لأدائه كما وجب بخلاف الفجر. (رد المحتار ١/۳٧٠-۳٧۳  ط: سعيد).

واعلم أن الأوقات المكروهة نوعان: الأول الشروق والاستواء والغروب. والثاني ما بين الفجر والشمس وما بين صلاة العصر إلى الاصفرار، فالنوع الأول لا ينعقد فيه شيء من الصلواتالتي ذكرناها إذا شرع بها فيه... إلخ (رد المحتار ١/۳٧۳ ط: سعيد). 

Ошон үчүн багымдаттын казасын күн чыгып көтөрүлүп калгандан кийин окуу керек, б.а. күн чыккандан он беш минүттөн кийин багымдаттын казасын окуса болот. Бирок ошол күндүн аср намазын күн кызыл болгондон кийин толук киргенге чейин дагы, аср намазын окуса болот.

ثلاث ساعات لا تجوز فيها المكتوبة ولا صلاة الجنازة ولا سجدة التلاوة إذا طلغت الشمس حتى ترتفع وعند الانتصاف إلى أن تزول الشمس وعند احمرارها إلى أن تغيب إلا عصر يومه ذلك فإنه يجوز أداءه عند الغروب هكذا في فتاوى قاضيخان. (الفتاوى الهندية ١/٥۲ ط: رشيديه).

و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+2
21:01
2514

Башка фатвалар

Багымдаттан кийин күн чыкканга чейин каза намаздарды окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Багымдат намазды окугандан кийин күн чыгып башта
Аср намазын шам намаздын убактысына 10 минут калганда окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Аср намазды ушунчалык кечиктирип окуу чоң күнөө
Жума намаздын хутбасы башталганда сүннөт намаз окуса болобу?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен. Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!