KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва салламды) түштө көрүү үчүн кандай амал кылуу керек?

Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва салламды) түштө көрүү үчүн кандай амал кылуу керек?
Ассаламу Алейкум ва рохматуллохи ва барокятух. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) көрүү үчүн эмне кылыш керек? Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) көрүү үчүн кандай дубалар бар?

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен

الجواب حامدا و مصليا

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!

Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам) ды көрүү үчүн "ДУРУД ШАРИФ" (салаватты) көп айтуу керек. 

Шейх Абдулхак (рахматуллохи алайхи) "ТАРГИБ  АХЛ САЬАДАТ" китебинде мындай деп жазган:

“Жума куну кечинде эки рекет нафил намаз окуп жана окуп жатканда ар бир рекетинде 11 жолу АЯТУЛ КУРСИ жана 11 жолу “КУЛ ХУВАЛЛОХУ” ну окуп салам бергенден кийин 100 жолу Салават айтса, ин шаа Аллах үч жума өтпөй Пайгамбарыбызды (соллаллоху алайхи ва саллам) көрүү үмүт кылынат”.

Салават бул:

اللهم صل على محمد النبي الامي و آله و أصحابه و سلم

"Аллохумма солли аля Мухаммадинин-набийил уммий ва алихи ва асхабихи ва саллама".

Ощондой эле дагы башка жерде мындай деп жазга:

Кайсы бир адам эки рекет намаз окуп жана ар бир рекетинде фатиха сүрөөсүнөн кийин 25 жолу КУЛ ХУВАЛЛОХУ АХАД” ну окуп салам бергенден кийин мин жолу салават окуй турган болсо, Пайгамбарыбызды (Соллаллоху алайхи ва саллам) көрүү үмүт кылынат.

Салават бул:

صلي الله علي النبي الامي

" Соллоллоху алян-набиййил уммий"

Албетте мындай чон дөөлөттүн насип болуусу үчүн ушул нерсе шарт кылынган:  Журок Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) мухабатка толгон болуусу жана сырткы, ички күнөөлөрдөн сактануусу керек. Намаз, орозо жана башка фарздарга конул бурбаган, арам, дурус эмес мамилелерге кайдыгерлик кылган адамдар тек гана бул салаваттарды айтып коюуу менен аларга мындай дөөлөт насип болбойт.

فقط والله اعلم وعلمه اتم

Жооп берди:
Темирбаев Умар
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Эратов Равшан
Жакты
+9
20:34
1217

Башка фатвалар

Жума күнү Пайгамбарыбызга (соллаллоху алейхи ва саллам) салават айтуу
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا  Негизи жума намазынан кийин гана окулуучу
Пайгамбар (соллаллоху алейхи ва саллам) ды сүйүү
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Пайгамбарыбызды (соллаллоху алейхи ва саллам) с