KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Шарият боюнча союлган адал жаныбарлардын кайсы мүчүлөрүн жегенге болбойт?

Шарият боюнча союлган адал жаныбарлардын кайсы мүчүлөрүн жегенге болбойт?
Шарият боюнча союлган адал жаныбарлардын кайсы мүчүлөрүн жегенге болбойт?

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен

الجواب حامدا و مصليا

Ханафи мазхабына ылайык шарият боюнча мууздалган малдын жети мүчөсүн жегенге болбойт:

1) ургаачы жыныстык мүчөсү;
2) эркек малдын жыныстык мүчөсү;
3) жумурткасы;
4) табарсыгы;
5) өтү;
6) мууздалгандагы агып чыккан кан;
7)Жетинчи нерсе бул “гудда”. Сөздүктө бул без деп которулат. Көпчүлүгү алкым бездери деп которушту. Бирок бул контексте “гудда” деген түшүнүк тери менен эттин же муундардын ортосунда пайда болгон бардык катуу нерселерди жана түйүндөрдү камтыйт. Кээде бул нерсе токтоп калган жана катып калган кан болот. Кээде оорунун айынан пайда болгон түйүндөр да болот. Ошондой эле ага алкым бездери менен лимфатикалык түйүндөр да кирет.

(كره تحريماً) وقيل تنزيهاً، والأول أوجه، (من الشاة سبع: الحياء والخصية والغدة والمثانة والمرارة والدم المسفوح والذكر) للأثر الوارد في كراهة ذلك. (رد المحتار ٦/٧٤٩ ط: سعيد).

(قوله كره تحريماً) قال أبو حنيفة رضي الله تعالى عنه أما الدم فحرام بالنص وأكره الباقية لأنها مما تستخبثه الأنفس... (قوله الحيا) بالقصر الفرج وفي النهاية الحياء ممدود الفرج من ذوات الخف والظلف زاد في القاموس وأنه يقصر أيضا حموي (قوله والمثانة) هي كما في المصباح مستقر البول من الإنسان والحيوان... (قوله والمرارة) بفتح الميم وهي التي فيها المرة (قوله والدم المسفوح) أي السائل من العروق، أما الدم الباقي في العروق بعد الذبح لا يكره كما في المفتاح وزيد نخاع الصلب. (حاشية الطحطاوي على الدر المختار ٤/۳٦٠).

الغدة فيما يكره أكله من الشاء وغيرها من الذبائح: كل عقدة في الجسم أطاف بها شحم، وأيضاً كل قطعة لحم صلبة تحدث عن داء بين اللحم والجلد تتحرك بالتحريك، وأيضاً طاعون الإبل. (قواعد الفقه ص: ۳٩۸ ط: سعيد).

(قوله والغدة) بضم الغين المعجمة كل عقدة في الجسد أطاف بها شحم، وكل قطعة صلبة بين العصب ولا تكون في البطن، كما في القاموس. (رد المحتار ٦/٧٤٩ ط: سعيد).

Кээ бир фикх китептерде жүлүн макрух тахрими катарына кошулган (жегенге болбойт). Ошондуктан аалымдардын арасында бул маселеде кайчы пикирлер пайда болгон. Ушул себебтерден улам аны жебей койгон жакшыраак.

والنخاع: عرق أبيض في عظم الرقبة. (المبسوط للسرخسي ١١/۲۲٦).
و زِيْدَ نخاعُ الصلب. (حاشية الطحطاوی علی الدر المختار ٤/۳٦٠).

و الله أعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+6
18:48
1539

Башка фатвалар

Азыркы учурда көп кондитер азыктарына спирт кошулат шариятта ушундай азыктарды жегенге уруксат береб
Мээримдүү Боорукер Алланын аты менен Эгерде спирт курмадан, жүзүмдөн, мейизден алынган болсо, 
Банктык карталардын шарияттагы абалы
Банктын пластикалык картасы (же банктык төлөм картасы) накталай эмес эсептешүү каражаты болуп эсепте
Вегетариандын шарияттагы өкүмү
Мусулман адам ишеними менен эт азыктарын жеш арам деп “веган” же “вегетариан&rdquo