KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Жаман түш көрсө эмне кылуу керек?

Жаман түш көрсө эмне кылуу керек?
Ассалам алейкум. Мен түшүмдө бир карангы бөлмөгө киргенде бир коркунучтуу кыз келди шайтан, жинге окшоп сүйлөдү эле мен Аль-Мульк сүрөсүнүн 1-5-болгон аяттарын окуганда ошол кыз сүйлөбөй калды, анан ойгонуп кеттим.

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!

Бисмиллахир Рохманир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Бул түш шайтандан ага көнүл бурбаныз. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айткан:

عن أبي قتادة عن رسول الله صلى الله عليه وسلم أنه قال: "الرؤيا من الله والحلم من الشيطان، فإذا رأى أحدكم شيئا يكرهه فلينفث عن يساره ثلاث مرات، وليستعذ بالله من شرها فإنها لا تضره" (رواه الترمذي رقم الحديث: ۲۲٧٧).

Котормосу: “Жакшы түш Аллахтан, жаман түш шайтандан. Эгерде бирөөнөр түштө коркунучтуу (жаман нерсе) көрсөнөр, анда сол жака үч жолу түкүрүп Аллах Тааладан ошол түшүтүн жамандыгынан сакта деп сурагыла, анан ошол түш зыян бербейт.

Эгерде коркунучтуу түш көрсөңуз, анда сол жака “Аузу биллахи минаш-шайтонир-ражим” айтып түкүруп кою керек. Ушундай үч жолу кылыш керек. Анан тургандан кийин эки рекет намаз окуп: “О Аллах ушул жаман түштүн таасирден мени сакта” – деп дуба кылуу керек. Жаман түштү эчкимге айтпаш керек.

Уктагандан алдын Аят аль-Курси” жана үч жолу “Ихлас”, “Фалак”, “Нас” сүрөлөрүн окуп, колго үйлөп өзүнүзгө дем салыныз жана уйкунун дубаларды окунуз, ин шаа Аллах уктап жатканда эч кандай шайтан келбейт.

و الله أعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+4
20:20
1790

Башка фатвалар

Колдонууга мүмкүн болбогон эски ислам адабиятты эмне кылуу керек?
Колдонууга мүмкүн  болбой калган эски Аллахтын аты, Куран аяттары же хадистин тексттери болгон
Телефондон Курандын сажда аятын укса сажда кылуу керекпи?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен  الجواب حامدا ومصليا Телефондо жазылган Курандын
Гусул жана жаназа намаз окулбай көмүлсо эмне кылуу керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا  1) Негизи, маркум жерге берил