Ыйманды күчтүү кылыш үчүн эмне кылуу керек?

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
الجواب حامدا و مصليا
Ва ъалайкумус-салам! Негизинен адам баласынын ыйманы кээде күчтүү болуп, кээде алсырап калат. Кээ бир учурларда абдан бекем амал кылгын келсе, а кээ бирде жалкоолонуп, амалдардан суздап кетет. Бул болсо кадимки эле көрүнүш. Сахабалардын доорунда да, алар ушундай сезимдерге кездешчү. Ушуга тиешелүү бир окуя: Ханзала (розияллоозу ъанху) Абу Бакрга (розияллооху ъанху) жолугуп: «Ханзала мунафык (эки жүздү болду)» - деп айтат. Абу Бакр (розияллооху ъанху) таң калып, анын себебин сураганда, Ханзала (розияллооху ъанху) мындай деп жооп берген: «Биз Пайгамбарыбыздын (соллаллооху ъалайхи ва саллам) жанында болуп, бейиш жана тозок жөнүндө укканыбызда, аларды өз көзүбүз менен көрүп тургандай болобуз (б.а ыйманыбыз абдан күчөйт). Бирок, ал жерден чыгып, үй-бүлө, бала-чака жана дүйнө иштерине аралашканыбызда көп нерсени эсибизден чыгарып койобуз (ыйманыбыз алсырап калат деген мааниде)». Мына ушул сезимди жакшы түшүнүшпөй, Пайгамбарыбыздан (соллаллооху ъалайхи ва саллам) барып сурашканда, сүйүктүү Пайгамбарыбыз (соллаллооху ъалайхи ва саллам): «و لكن يا حنظلة ساعة و ساعة», б.а кээ бир учурларда, мисалы; баян угуп, Куран уккан кезде, ыйман күчөп турат, а кээ бир учурларда дүйнөгө аралашканда, же ушул сымал башка нерсе болсо, анда ыйман алсырап калат», - деп жооп берген. (Муслим, Риязус-Солихин)
(رياض الصالحين، باب الاقتصاد فى العبادة ١٨/١٨٩، ص ٦٩، ط: الشروق)
Жараткан Аллах Тааланын бул жашоодогу сүннөтү ушундай. Мындай өзүнөн-өзү келген ыймандын алсыздыгы үчүн адам баласы жоопту эмес. Бирок, ушуларга карабастан ыйманым дайым бекем болсун десеңиз, анда төмөнкү нерселерди аткарууңузду сунуштайбыз:
А) Албетте, ыйманга тиешелүү ар кандай парздар, амалдар, белгиленген чектер жана сүннөттөр бар, мына ошолорду бекем тутуңуз.
و كتب عمر بن عبد العزيز الى عدي بن عدي إن للايمان فرائض و شرائع و حدودا و سننا فمن استكملها استكمل الايمان و من لم يستكملها لم يستكمل الايمان...(صحيح البخارى، كتاب الايمان ١/٨، ط: ألطاف)
Б) Ыйманды күчтүү кыла турган баяндарга катышып, өзүңүз да ыйман, акырет, дин тууралу көп сүйлөңүз. Аалымдардын, устаздардын баяндарына катышып, үгүт-насаат, даават иштерине катышыңыз
و قال معاذ: إجلس بنا نؤمن ساعة. اي نزد ايمانا. قال النووي معناه نتذاكر الخير و احكام الآخرة و امور الدين فان ذلك ايمان. (صحيح البخارى، كتاب الايمان ١/٨، ط: ألطاف)
В) Чөйрөңүздү жакшы, ыймандуу адамдардын чөйрөсүнө алмаштырыңыз. Чөйрөнүн таасири ыйманга абдан чоң таасирин тийгизет. Риваяттарда келет: 100 адам өлтүргөн адам, өз чөйрөсүн алмаштырып, тообо кылып, жакшы чөйрөгө аттангандыгы үчүн, жолдо көз жумганда, анын жанын ырайым периштелери алып кетет. (Бухари, Муслим, Риязус-Солихин)
(رياض الصالحين، باب التوبة ٩/٢٢، ص ٢٣، ط: الشروق)
Г) Тапканыңыз ар дайым адалдан болсун. Арам тамак ыймандын алсыздоосуна эң чоң таасирин тийгизет. Аллах Таала Ыйык Куранда мындай деген: «Эй, элчилер! Адалдарды гана ичип-жегиле жана жакшылык иштерди кылгыла» (Муминуун 51-аят). Демек, жакшы амалдарды кылыш үчүн, эң эле оболу алкымды арамдан сактоо керек. Качан ичип-жегенибиз адалдан болсо, ыйман күчтүү болот. Күчтүү ыйман гана жакшылык иштерди көп аткарганга түрткү боло алат.
*يا ايها الرسل كلوا من الطيبات و اعملوا صالحا...* (المؤمنون ٥١)
Д) Ар дайым, ар бир ишиңизде сүннөткө амал кылууга тырышыңыз. Аллах Тааланын сүйүүсү – бекем ыймандууларга гана болот. Ал эми бекем ыйман Пайгамбарыбызга (соллаллооху ъалайхи ва саллам) эргешүү менен насип этилет. Аллах Таала Куранда мындай деп кабар берет: «Анан дагы айт: «Эгер силер Аллахты сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле. Ошондо Аллах силерди да сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет». Аллах – Кечиримдүү, Боорукер!». (Алу Имран 31-аят).
(سورة آل عمران ٣١)
Е) Болушунча күнөөлөрдөн сактаныңыз. Күнөө кылган сайын жүрөктү кара так каптай баштайт. Күнөө кыла берип, жүрөк кап-кара болуп, ыйман өтө алсыздап кетет. Аллах Куранда мындай деген: «Жок-жок! Жасаган (күнөө) иштери себептүү алардын жүрөктөрүн кара так каптап калган». (Мутоффифин 14-аят)
(سورة المطففين ١٤)
Мына жогоруда жазылган амалдарды аткара турган болсок, Кудай кааласа ыйманыбыз бекем болуп, күчтүү бойдон турат. Аллах Таала амал кылганга бардыгыбызга мүмкүнчүлүк берсин.
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق