KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Жаш баланы шам убактысында уктатпаш керек деп уккам, ушул чынбы?

Жаш баланы шам убактысында уктатпаш керек деп уккам, ушул чынбы?
Ас-салам алейкум! Балам бир жашта, көбүнчө шам киргенде уктап калат. Шамда уктабаш керек деп чоң энелерибиз айтчу эле. Чынында эле шамда уктатпаш керекби?

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен

الجواب حامدا و مصليا

Ва алейкумус-салам! Негизи чоң энелерибиз айткан сөздүн акыйкаты бар. Себеби, «Пайгамбарыбыз (соллаллооху ъалайхи ва саллам) куптан намазынан мурун уктаганды жана куптан намаздан соң сүйлөшүп отурганды жактырчу эмес» – деп риваяттарда айтылат. (Бухари) (باب ما يكره من النوم قبل العشاء. رقم الحديث ٥٦٨)

Эми шам намаздан кийин уктабасын дегени – уктап калып куптан намаз калып кетпесин үчүн айтылган. Бирок, жаш бала уктай берсе эч нерсе болбойт, эч кандай күнөө да эмес. Жаш бала кайсыл учурда уйкусу келсе, уктата бериңиз.

و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق

Жооп берди:
Зарылбеков Бектен
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Татиков Рафаил
Жакты
+4
18:43
1555

Башка фатвалар

Ата-энесинин тилин албаган, аларга татыктуу мамиле жасабаган баланы, ата-энеси ак кыла алабы?
Алгач, ата-энеге моюн сунбай коюу, аларга жаман мамиле жасоо – бул чоң күнөө болуп эсептелет.
Күн чыгуу убактысында багымдаттын  казасын окусам болобу?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Каза намаздарды үч убакытта окуган
Аср намазын шам намаздын убактысына 10 минут калганда окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Аср намазды ушунчалык кечиктирип окуу чоң күнөө