Ата-энесинин тилин албаган, аларга татыктуу мамиле жасабаган баланы, ата-энеси ак кыла алабы?

Алгач, ата-энеге моюн сунбай коюу, аларга жаман мамиле жасоо – бул чоң күнөө болуп эсептелет. Андай балдардын өмүрү кыска, тапканында береке болбойт деп риваяттарда келген. Кала берсе, Жараткан Аллах Таала Ыйык Куранда ата-энеге кайыш айтуу бул жакта турсун, ууфф деп айтпа деген:
{فلا تقل لهما أف}
Сен ал экөөнө (ата-энеңе) уфф деп айтпа. (Исра 23)
Демек, ата-энеге тоң моюндук кылуу – бул чоң күнөө. Пайгамбарыбыз (Аллахтын салам-салаваты болсун): «Аллахка шерик кошуу, ата-энени ак кылуу (тилин албоо, тоң моюндук кылуу), бирөөнү өлтүрүү жана жалгандан касам ичүү – булар чоң күнөөлөр», - деп айткан.
قال رسول الله صلى الله عليه و سلم: الكبائر الإشراك بالله و عقوق الوالدين و قتل النفس اليمين الغموس (مشكوة).
Бирок, өз канынан бүткөн бала кандай болсо дагы, ал алардын баласы бойдон калат жана ата-энесинин мурасынан кур калбайт, мураскор бойдон кала берет. Ошондой эле андай баланы ата-эне да эч бир мурастан кур калтырууга акысы жок. «Менин балам эмес, ак кылдым», - десе да, ал ошол ата-эненин баласы бойдон калат. Кала берсе, ата-эне өлүм төшөгүндө жатып, «Бул баланы мен ак кылдым. Менден эч кандай мурас бөлбөгүлө», - деп жазып кетсе да, анын шариатта эч кандай күчү жок болот. Шариат жолу менен андай балага да, ата-энесинин мурасынан өзүнө тиешелүү үлүшү берилет.
Мындай бала үчүн ата-эне бекем дуба кылыш керек. Себеби, ата-эненин бала-чакасына кылган дубасы сөзсүз кабыл болот. Жакшы адамдарга аралаштырып, ал тилин алган улуу агалары, же башка туугандар аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ыйман жолуна түшүргөнгө арекет кылуу керек.