Гивэвэй оюндарга катышса жана уюштурса болобу?

Ассаляму алейкум!
Гив оюндары боюнча сурайын дегем. ГИВ оюндары интернет булактарында аябай коп болуп кетти. Бул оюнга катышуу жана спонсор болуу туурабы?
Гив оюндары боюнча сурайын дегем. ГИВ оюндары интернет булактарында аябай коп болуп кетти. Бул оюнга катышуу жана спонсор болуу туурабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Гивэвэй оюндарда эгер катышуучулардын тарабынан төлөм болсо (вступительный взнос), анда ал кумар болот, лоторея сыяктуу. Андай гивэвэй оюндарга катышууга болбойт. Ал эми эгерде эч кандай төлөмдөр жок болсо, жөн эле спонсорлорго подписка кылсаныз эле катышаберечиз, жана башка эч кандай шарттар жок болсо, анда катышса болоберет.
Спонсор болуп катышса да болоберет бир нече шарттар менен:
1) Спонсордун төлөйтурган төлөм анык жана так болуу керек.
2) Канча подписчик келет, ошонун эң аз саны так жана анык айтылыш керек. Эгерде айтылган подписчиктердин саны келбей калса, анда айтылган жана келген санга жараша акчаны уюштурган адам спонсорлорго кайтаруу керек.
3) Гивэвэй уюштурган адамдын алган акысы спонсорлорго анык айтылып жана так белгилеш керек.
4) Гивэвэй аркылуу подписчиктерди көбөтүүнүн максаты туура болуу керек, жөн эле фэйковый аккаунт ачуу жана адамдарды алдоо болбош керек.
Ушул шарттарды сактоо менен гивэвэй дэ спонсор болуу дурус болот.
ومنها أن يكون المعقود عليه وهو المنفعة معلوما علما يمنع المنازعة إلخ (الفتاوى الهندية ٤/٤١١ ط: رشيديه).
إن كان الأجر دراهم أو دنانير فلا بد من بيان القدر أنه كذا إلخ (الفتاوى الهندية ٤/٤١۲ ط: رشيديه).
قلت: والحاصل أن الجهالة اليسيرة عفو في ما جرى به التعامل، لكونها لا تغضي إلى النزاع عادة. (إعلاء السنن ١٦/۲٠٩ باب أجرة السمسرة ط: ادارة القرآن).
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق
Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали