Фамилия өзгөртсө болобу?

Фамилия өзгөртсө болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Фамилия өзгөртсө болот сиз чоң атаңыздын фамилиясында болсоңуз атаңыздын атына өтсөңуз болот. Ошондой эле атаңыздын фамилиясынан атанын же чоң атанын атына өтсөңор болот, зарылчылык болгон учурда. Ал эми сизге ата, чоң ата болбогон чочун адамдын фамилиясына өтөмүн десеңиз, анда шариат уруксат бербейт, арам болуп эсептелет. Пайгамбырыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айткан:
"من ادعى إلى غير أبيه وهو يعلم أنه غير أبيه فالجنة عليه حرام" (متفق عليه).
Котормосу: “Кайсы адам атасын билип туруп башка бирөөнү ата кылып алса, андай адамга бейиш арам болот”.
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق
Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]