Үйдө эркек киши жок болуп калганда, аял киши тоок сойсо болобу?

Үйдө эркек киши жок болуп калганда, аял киши тоок сойсо болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эгер мусулман аял шарият көрсөткөн ыкма менен мал союуну билсе анда аялга союуга уруксат берилет. Бирок, көпчүлүк аялдар мал союуну жакшы билбегендиктен жана жүрөгү алсыз болгондуктан союу ишине аралашпаганы жакшы.
و لو الذابح (مجنونا أو امرأة أو صبيا يعقل التسمية و الذبح) ويقدر (الدر المختار مع رد لمحتار، كتاب الذبائح،ج:٦، ص: ٢٩٧، ط:سعيد).
فقط والله تعالٰی اعلم و علمه أتم
Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали