Кармин адал болуп эсептелеби?

Мээримдүү Боорукер Алланын аты менен
Кармин- бул кызыл түстөгү түс берүүчү. Кошенил түрүндөгү курт-кумурскалардан алынган Е 120 номерде катталган тамак-аш кошулмасы. Шариатка ылайык тамак-ашка курт-кумурскаларды кошууга тыюу салынат. Кармин жогоруда айтылган курт-кумурскалардан алынгандыктан ага да тыюу салынат. Ошондуктан кармин кошулган тамак-аштар дагы уруксат берилбегендерден деп эсептелет. Ошондой эле “Түштүк Африка Халал улуттук башкармалыгынын” (SANHA) чечимине ылайык, бул кошулма арам категориясына кирет.
وأما الذي يعيش في البر فأنواع ثلاثة: ما ليس له دم أصلا، وما ليس له دم سائل، وما له دم... ونحوها لا يحل أكلها إلا الجراد خاصة لأنها من الخبائث لاستبعاد الطبائع السليمة، وقد قال الله تبارك وتعالى: "ويحرم عليهم الخبائث" (بدائع الصنائع ج: ٥ ص: ٣٦ ط: سعيد).
Мааниси: Жер үстүндө жашаган жаныбарлар үч категорияга бөлүнөт: 1) таптакыр каны жоктор, 2) аккан каны жоктор (башкача айтканда каны бар бирок, алардын каны айланбайт), 3) аккан каны барлар. Биринчи категорияга: чегиртке, аары, чымын, жөргөмүч жана ушуларга окшогондор кирет. Чегирткеден башкасын тамак-аштарда колдонууга уруксат берилбейт. Себеби, алар “хабааис” (жаман, жийиркеничтүү) адам баласынын табигий эле жийиркенүүсүн келтирет.