Банктык карталардын шарияттагы абалы

Банктын пластикалык картасы (же банктык төлөм картасы) накталай эмес эсептешүү каражаты болуп эсептелет. Ал ар кандай товарларга же кызматтарга (анын ичинде онлайн) төлөө үчүн, ошондой эле накталай алуу үчүн, банктагы бир же бир нече эсептерге байланган болуусу мүмкүн. Төлөм карталары ар кандай: өзүнүн мамлекетинин чегинен тышкары төлөмдөрдү төлөөгө боло турган – эл аралык жана – өзүнүн мамлекетинин ичиндеги төлөмдөрдү төлөөгө гана жарай турган болот. Ошондой эле, төлөм карталарынын дароо каттала турганы жана катталууга кандайдыр бир убакытты талап кыла тургандары да болот. Бирок, бул жерде шарияттык көз карашта пайдаланууга мүмкүн боло турган төлөм карталары каралып жаткандыктан, бизди банктык карталардын төлөм операцияларынын түрү боюнча классификациясы кызыктырат. Бул жагынан төлөм карталарын негизги эки түргө бөлүүгө болот: кредиттик карта жана дебеттик карта.
1. Кредиттик карта – бул карта банктын картаны кармоочунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө карап аныкталган өлчөмдөгү акчаларына кирүүгө мүмкүнчүлук берет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, банк карта кармоочуга кийин пайызы менен өндүрүлүүчү акчаны карызга берет.
Мусулман окумуштууларынын бирдиктүү пикирлери боюнча, исламдык экономиканын принциптерине ылайык, бул картаны колдонууга тыюу салынат, анкени бул риба болуп эсептелет.
ياأيها الذين ءامنوا اتقوا الله وذروا ما بقي من الربو إن كنتم مؤمنين * فإن لم تفعلوا فأذنوا بحرب من الله ورسوله وإن تبتم فلكم رؤوس أموالكم لا تظلمون ولا تظلمون* (البقرة الآية: ۲۷۸-۲۷۹).
Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула, эгер ишенсеңер сүткорлуктан калган нерсеңерди таштагыла. Эгер (сүткорлукту таштоону) каалабасаңар, муну – Аллага, анын элчисине каршы согуш деп билгиле. Эгер (сүткорлукту таштап) тообо кылсаңар ошол учурдагы (бар болгон адал) мүлкүңөрдүн башы өзүңөргө. Зулумдук кылбагыла, (ошондо) зулумдукка кабылбайсыңар! («Бакара» сүрөсү, 278-279)
2. Дебеттик карта – бул карта кармоочунун өздүк акчалай каражаттары гана сакталган карта. Кандай операция болбосун (товарларды, кызматтарды төлөө жана накталай алуулар) карта байланган эсепте каражаттар болгондо гана жүргүзүүгө мүмкүн. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн финансы мекемеси өзүнүн тиешелүү кызмат акысын алат.
Дебеттик картаны пайдаланууга, аны менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө, накталай акчаларды алууга шариятта уруксат берилет, анткени карта кармоочу өзүнүн каражаттарын гана пайдаланат, ал эми финансы мекемеси комиссионныйларды көрсөткөн кызматтары үчүн тиешелүү акысын алат.
Кээде банк дебеттик картасына овердрафт кызматын сунуштайт. Овердрафт – бул банк карта кармоочуга товарларды жана кызматтарды төлөө үчүн, белгиленген мөөнөткө берген кредит. Бул мөөнөт грейс мезгил, м.а. пайыздар кошулбай турган (кошулса да базалык ставкадан төмөн болгон) льготтук мезгил деп аталат.
Шарият боюнча овердрафт карталарын өтө зарылдык болбосо, пайдаланууга уруксат берилбейт, анткени эгерде кардар кредитти убагында төлөй албай турган болсо, пайызын төлөөгө милдеттүү болот деген анын шарты, келишимди түп тамырынан бузат.
Ал эми, кээ бир аалымдар олуттуу зарылчылык түзүлсө, эки шартты сактоо менан аны пайдаланууга болот деп эсептешет:
- Сиз өзүңүзгө кредитти пайызга жеткирбей өз убагында төлөй алаарыңызга толук ишенесиз.
- Сиз бул картаны уруксат берилбеген операцияларга жана келишимдерге пайдаланбайсыз.
Эскертүү: грейс-мезгилде пайызы кошулбай турган болсо, ушул жогоруда келтирилген эки шартты сактоо менен өтө зарыл муктаждыкта овердрафтты колдонууга уруксат берилет. Эгерде, аз өлчөмдө болсо да пайызы кошула турган болсо, анда мындай овердрафтты колдонууга уруксат берилбейт.
في المعايير الشرعية:
الحكم الشرعي لأنواع البطاقات:
-بطاقة الحسم الفوري: يجوز للمؤسسات إصدار بطاقة الحسم الفوري ما دام حاملها يسحب من رصيده زلا يترتب على التعامل بها فائدة ربوية.
-بطاقة الائتمان والحسب والآجل:
يجوز إصدار بطاقة الائتمان والحسم والآجل بالشروط الآتية:
۱.ألا يشترط على حامل البطاقة فوائد ربوية في حال تأخيرهعن سداد المبالغ المستحقة عليه.
۲.أن تشترط المؤسسة على حامل البطاقة عدم التعامل بها فيما حرمه الشريعة وأنه يحق للمؤسسة سحب البطاقة في تلك الحالة.
-بطاقة الائتمان المتجدد:
لا يجوز للمؤسسات إصدار بطاقات الائتمان ذات الدين المتجدد الذي يسدده حامل البطاقة على أقسام آجلة بفوائد ربوية. والله أعلم. (حاشية فتاوى عثماني ۳/۳۵۵-۳۵٦ مكتبة دار المعارف).
أما إذا لم يتيسر ذلك، فهل يحوز لمسلم أن يأخذ البطاقة و يوقع على العقد الذي فيه هذا الشرط بنية سيدفع الفواتير في حينها قبل أن تفرض عليها زيادة ربوية ولا يطبق هذا الشرط فعلا؟... فالمرجو أن حامله يعتبر معذورا في الدخول في هذا العقد إن شاء الله تعالى لعد أخذ جميع الاحتياطات اللازمة لأن لا ملجأ إلى دفع الفائدة الربوية والله سبحانه وتعالى أعلم, (فقه البيوع ۱/٤٦۲-٤٦۳ ط: مكتبة دار المعارف).
Шарият боюнча алдын ала төлөнгөн карта (карта с предоплатой) дагы ушул сыяктуу болот, анткени мындай картаны кармоочу өзүнүн эсебине салган өзүнүн каражаттарын гана пайдалана алат.