Ата-эне туура эмес иш кылып жатса, балдары түшүндүрсө болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Уа алейкум ассалам уа рахматуЛлахи уа баракатух!
Ата-энеге жакшы мамиле кылуу – бул динибиздеги өтө соопту амалдардан. Ыйык Куран Каримде Аллах Таала:
"وَاعْبُدُوا اللَّهَ وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا ۖ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا...إلى آخر الآية (النساء الآية: ۳٦).
«Аллахка ибадат кылгыла жана Ага эч кимди шерик кылбагыла жана ата-энеңерге жакшылык кылгыла...», – деп айткан (Ниса 36-аят).
Ал эми ата-эненин акырети үчүн күйүмдүү болуу, алардын эки дүйнөдө бактылуу болуусун каалоо бул – аларга кылган өтө чоң жакшылык болуп эсептелет. Ошондуктан, ата-эне туура эмес, күнөө болгон иштерге барып жатса, аларга жакшылап түшүндүрүү керек. Бирок, башкаларга салыштырмалуу өтө этияттык менен, жакшы жолун таап, даанышмандык менен, кызмат аркылуу түшүндүрүү керек. Ошол эле учурда аларга дайым дуба кылып, алардын атынан соопту иштерди жасап, аларга сообун хадия кылуу керек. Анан алар сөзүн уга турган достору, туугандары аркылуу да акырындык менен түшүндүрсө болот.
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق