Мөөнөттү узартуу менен валюталарды алмаштыруу

Бир мамлекеттин валютасын бирдей баалык эквивалентте сатып алууга болот. Мисалга, 1000 сомду 1000 сомго. Бирок, 1000 сомду 900 сомга алмаштырууга болбойт, эгерде 1000 сомдук купюра эски болсо да.
Ал эми, ар башка мамлекеттердин купюраларын тараптардын келишимине жараша, эгерде бул алмашуу жүргүзүлүп жаткан мамлекеттин мыйзамына каршы келбесе, колмо кол алмаштырууга уруксат берилет. Ал эми тараптардын бири валютаны, мисалы, сомду дароо берип, ал эми долларды кийинки жумада ала турган болсо, бул абалда аалымдардын ортосунда талаш бар. Аалымдардын бир тобунун пикири боюнча, эгерде валюталардын бирин экинчи тараптын ээлигине ошол келишим болгон күнкү курс боюнча дароо бере турган болсо, анда мөөнөтүн узартып да валюталарды алмаштырса болот. Бирок, бул учурда да жок дегенде бир тараптан валюта нак берилиш керек. Ал эми экөө тең насыя болуп калса, бул соода жараксыз.
Бирок, аалымдардын ортосунда талаш болгондуктан, сатуу алууда валютаны колмо кол нак берген жакшыраак.
Эгерде, келишим оозеки түзүлүп жана тараптардын бири экинчи тарапка валютаны бербеген болсо, анда мындай келишим шариятта жараксыз болуп эсептелет.
أما النسيئة في تبادل العملات المتجانسة، فقد ذكرنا أنها لا تجوز باتفاق الأئمة الحنفية،لا لكونه صرفا ، بل لأن الجنس بانفراده يحرم النسيئة، وإن لم يوجد القدر. أما تبادل العملات المختلفة الجنس، مثل الربية الباكستانية بالريال السعودي، فيقاس قول الإمام محمد رحمه الله تعالى أن تجوز فيه النسيئة أيضا؛ لأن الفلوس (هي الأثمان الاصطلاحية) لو بيعت بخلاف جنسها من الأثمان، مثل الدراهم، فيجوز فيها التفاضل والنسيئة جميعا، بشرط أن يقبض أحد البدلين في المجلس، لئلا يؤدي إلى الافتراق عن دين بدين, (فقه البيوع ۲/۷۳۸-۷۳۹ ط: مكتبة دار المعارف).