KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы өтүп кетсе оюн арам болуп калабы?

Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы өтүп кетсе оюн арам болуп калабы?
Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы өтүп кетсе оюн арам болуп калабы?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн себебинен шариат өкүмдөр унутуп калбаш керек. Эгерде оюн себебинен намаз жана башка өкүмдөр калып кетсе, анда бул оюн арам оюндарга кошулуп калат. Ошон үчүн сиз футбол ойногондо намазды эске алыңыз жана эч качан каза кылбаңыз. Намаз каза кылуу өтө чоң күнөө болуп эсептелет. Аллах Таала Куран Каримде айтат:

"فويل للمصلين الذين هم عن صلاتهم ساهون" (الماعون الآية: ٥-٦).

«Азап (болсун) намаз(ды начар) окуучуларга. Анткени алар намаздарын унутуп коюшат». (Маауун 5, 6).

Аяттагы «Намаздарын унутуп коюшат» дегени – намаздарына көңүл бурушпайт, каза кылышат, талаптагыдай окушпайт деген сыяктуу капилетте жүргөн адамдар киришет деп аалымдарыбыз айткан. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айткан:

قال رسول الله صلى الله عليه و سلم:إن أول ما يحاسب به العبد يوم القيامة صلاته، فإن صلحت فقد أفلح و أنجح، و إن فسدت فقد خاب و خسر. (جامع الترمذي رقم الحديث: ٤١۳).

Котормосу: «(Кыямат күнү) пендеден эң биринчи намаз тууралу эсеп-кысап болот. Эгерде намазы жакшы чыкса, анда ал ийгиликке жетишет. А эгерде намазы дурус болбосо, анда ал зыян тартып, бактысыз болот» (Тирмизи №413).

"فالضابط في هذا ... أن اللهو المجرد الذي لا طائل تحته، وليس له غرض صحيح  مفيد في المعاش ولا المعاد حرام أو مكروه تحريمًا،... وما كان فيه غرض  ومصلحة دينية أو دنيوية فإن ورد النهي  عنه من الكتاب  أو السنة ... كان حرامًا أو مكروهًا تحريمًا، ... وأما مالم يرد فيه النهي عن الشارع وفيه فائدة ومصلحة للناس فهو بالنظر الفقهي على نوعين: الأول ما شهدت التجربة  بأن ضرره أعظم من نفعه و مفاسده أغلب على منافعه، و أنه من اشتغل  به ألهاه عن ذكر الله  وحده وعن الصلاة والمساجد التحق ذلك بالمنهي عنه؛ لاشتراك العلة فكان حرامًا أو مكروهًا، والثاني ماليس كذلك، فهو أيضًا إن اشتغل به بنية التلهي والتلاعب فهو مكروه، و إن اشتغل به لتحصيل تلك المنفعة وبنية استجلاب المصلحة فهو مباح، بل قد ير تقي إلى درجة الاستحباب أو أعظم منه ... وعلى هذا الأصل، فالألعاب التي يقصد بها رياضة الأبدان أو الأذهان جائزة في نفسها مالم يشتمل على معصية أخرى، وما لم يود الانهماك فيها إلى الإخلال بواجب الإنسان في دينه و دنياه". (تکملة فتح الملهم، قبیل کتاب الرؤیا، (٤/٤۳٥) ط:  دارالعلوم)فقط والله اعلم

Ошол үчүн сиз футбол ойносоңуз, анда намаздын убактысын эске алып, убакыт киргенде намаз калтырбай окуңуз. Аллах Таала баарыбызга хидаят жолдо жүргөнгө тауфик берсин.

فقط ووالله اعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]
Жакты
0
18:51
1435

Башка фатвалар

Мулк сүрөөсүнүн окула турган убактысы
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху الجوا
Намазга бекем болуунун жолдорун айтып бересизби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Уа алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатух
Күн чыгуу убактысында багымдаттын  казасын окусам болобу?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Каза намаздарды үч убакытта окуган