Зээн кучойто турган дуба барбы? Зээнди кучотуу учун эмне кылыш керек?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эс тутумду жана зээнди күчөйтүү үчүн эң негизгиси күнөөлөрдөн оолак болуу керек. Себеби күнөөлөр эс тутумду жана зээнди алсыратат. Белгилүү имам Шаафи (рахматуллохи алейхи) устаты Вакиъ (рахматуллохи алейхи) ге өзүнүн эс тутумун алсырап баратканын арызданганында, ал күнөөлөрдү таштаганга буйруду. Себеби эс тутум жана зээндүү болуу бул Аллах Таала тараптан берилчү бир дөөлөт. Ал эми Алланын дөөлөтү күнөөкөр адамга берилбейт. Албетте уламаларыбыздан эс тутумду, зээнди күчөйтүү үчүн ар кандай тажрыйбалуу амалдар айтылып келген.
Эс тутумду бекемдөө жана зээнди күчөйтүү үчүн ар бир парз намаздан кийин оң колуңузду башыңыздын маңдайына коюп, он бир жолу «Яаа, Ковиййу» жана он бир жолу «Яаа, Нууру» окуп, манжаларыңыздын учтарына дем салып, көздөрүңүзгө сүртүп коюуңуз. Албетте, намаздан кийин оң колду башына коюп дуба кылуу бул хадистерден бекемделген. Ал эми «Яаа, Ковиййу»» жана «Яаа, Нууру» бул хадистерде келген эмес, бирок уламалардын тажрыйба амалдарынан айтылып келген.
Эс тутумду жана зээнди күчөйтүүнүн эң күчтүү себебтери, азыраак тамактануу, түнкү намазды көп окуу, Куран окуу бул эс тутумдун эң өзгөчө себебтеринен бири, ошондой эле Курани Каримди карап окуу, пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам) га көп салават айтуу, мисвак колдонуу, балдын ширесин ичүү, шекер менен чогу кундур (мейизге окшогон жемиш) жэөө жана күн сайын ач карын жыйырма бир даана кызыл түстүү мейиз жэөө эс тутумду бекемдейт. Ошондой эле какырыкты жана нымдуулукту азайткан нерсенин баары эс тутумду жогорулатат, ал эми какырыктын көбөйүшү унутчаактыты туудурат.
وكان إذا صلی، وفرغ من صلاته مسح بیمینه علی رأسه،وقال: بسم اﷲ الذي لا إله إلا هو الرحمن الرحیم، اللهم اذهب بالهم والحزن۔ (حصن حصین، ص: ۷۵)
عن أنس بن مالک -رضي اﷲ عنه- قال: کان رسول اﷲ ﷺ إذا قضی صلاته مسح جبهته بیدہ الیمنی، ثم قال: أشهد أن لا إله إلا اﷲ الرحمن الرحیم، اللهم اذهب بالهم والحزن۔ (عمل الیوم واللیلۃ لابن السني، باب ما یقول في دبر صلاۃ الصبح، نوع آخر، مؤسسۃ علوم القرآن ۱/ ۱۰۱، رقم: ۱۱۲، الدعاء للطبراني ۱/ ۲۰۹، رقم: ۶۵۸، ۱/ ۲۱۰، رقم: ۶۵۹)
شكوت إلي وكيع سوء حفظي فأرشدني إلي ترك المعاصي
فإن الحفظ فضل من الهي وفضل الله لا يهدي لعاصي
(تعليم المتعلم: فصل فيما يورث الحفظ:ص/٥٦ ط:البشري)
فقط والله تعالٰی اعلم و علمه أتم