Намазга бекем болуунун жолдорун айтып бересизби?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Уа алейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Намаз бул өтө чоң ибадат, диндин тиреги. Кимдин намазы жакшы чыккан болсо, анын калган амалдары да жакшы чыгат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам өз насаатында мындай деген:
عن أبى هريرة رضى الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه و سلم: إن أول ما يحاسب به العبد يوم القيامة من عمله صلوته، فإن صلحت فقد أفلح و أنجح و إن فسدت فقد خاب و خسر...رواه الترمذى
Мааниси: «Чындыгында, кыямат күнү Аллах Таала Өз кулдары менен эсеп-кысап жүргүзүүнү эң оболу намаздардан баштайт. Эгерде кимдин намаздары жакшы болсо, анда ал ийгиликке жана тилегине жетет. Ал эми кимдин намаздары жараксыз болуп чыкса, анда ал ийгиликке жетпейт жана жоготууга учурайт...» (Тирмизи)
Демек, намаздарыбыз ар дайым өз убагында, так жана даана окулуш керек. Ал үчүн төмөнкү нерселерди аткарууну сунуштайбыз:
1) Намаздын пазилети жана намаздары калып кеткендерге болгон коркутуулар тууралу көп окуп, баяндарды угалы
2) Намазга бекем, такыба инсандар менен көп маектешип, алардан сабак алалы
3) Нафил намаздарды көп окуп машыгалы
4) Күнөө иштен колдон келишинче сактаналы
5) Арам нерселерди жашообуздан алыс кылала (тамак-аш ж.б.)
6) Ар дайым даарат менен жүргүнгө арекет кылалы
7) Ар дайым Аллахка жалынып, ыклас сурап дуба кылалы
8) Намаздын убактысы кирээри менен дүйнө иштерибизди токтотуп, даярдык көрөлү
9) Эркек кишилер мечитке көп барганды адат кылалы
Дүйнө жашоосу өтө кыска. Эртели-кеч Жараткандын астына барабыз. Ошондуктан, бир аз жылтыраган нерселерге алданбай. Түбөлүк жашообзду куруп калалы.
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق