KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Жылкынын зекети сом менен канча болот?

Жылкынын зекети сом менен канча болот?
Жылкынын зекетин сом менен эсептеп кененирээк маалымат (200дирхамдан 5 дирхам э, ар бир жылкыдан 1ди?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгерде жылкыны чарбачылык же үйдүн жумушуна  иштетсе, анда ал жылкыдан зекет төлөнбөйт. Эгерде жылкыны соода сатык максатында сатып алган болсо, анда ал жылкынын баасы нисабка жеткен болсо, андан зекет төлөнөт, себеби бул товар болуп эсептелет. Ал эми жылкыны көбөйтүш үчүн бакса, анда бул маселеде жылкынын сааны экиден көп болсо, анда имам Абу Ханифанын ою боюнча ал жылкыдан зекет берилет. Бирок эки шарты менен:

1. Жылкылар алты айдан көбүрөөк талаада оттоп жүрсө.
2. Ал жылкылардын ичинде ургачы жылкылар дагы болуу керек.

Экинчи маселе: ар бир жылкынын баасынан 2.5% процент зекет берилет.

Мисалы: бир адамдын эки жылкысы бар. Зекет берилген убакытта биринчи жылкынын баасы базарда 100000 сом, эинчи жылкынын баасы 80000 сом. Ошонжо биринчи жылкыдан 2500 сом, экинчи жылкыдан 2000 сом, жалпы 4500 сом зекет берет.

وأما عند أبي حنيفة فلا يخلو إما أن تكون سائمة أو علوفة، وكل منهما لا يخلو إما أن تكون للتجارة أو لا، فإن كانت للتجارة وجبت فيها زكاة التجارة سائمة كانت أو علوفة لأنها من العروض، وإن لم تكن للتجارة فلا يخلو إما أن تكون للحمل والركوب أو لا، فإن كانت للحمل والركوب فلا شيء فيها مطلقا، فإن كانت لغيرهما فإما أن تكون سائمة أو علوفة، فإن كانت علوفة فلا شيء فيها، وإ كانت سائمة للدر والنسل فلا يخلو فإن كانت ذكورا وإناثا فلا يخلو فإن كانت من أفراس العرب فصاحبها بالخيار إن شاء أعطى من كل فرس دينارا وأن شاء قومها وأعطى من كل مائتين خمسة دراهم وهو مأثور عن عمر رضي الله عنه. وإن لم تكن من أفراس العرب فإنها تقوم ويؤدي عن كل مائتين خمسة دراهم........وإن كانت ذكورا فقط أو إناثا فقط فعنه الروايتان.......والأشبه أن تجب في الإناث لأنها تتناسل بالفحل المستعار ولا تجب في الذكور لعدم النماء (البحر الرائق ج: ٢ ص: ٣٧٩ ط: دار الكتب العلمية).

وفي كل فرس من الإناث أوالمختلطة دينار أوربع عشر قيمتها نصابا (مختصر الوقاية)

والله اعلم بالصواب

Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]
Жакты
+1
05:40
935

Башка фатвалар

Арендага берилген квартирадан зекет берилеби?
  Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Кыймылсыз мүлк, эгерде ал
Зекет канча төөдөн берилет?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде  төөлөр  алты айдан ашык жайыт