Вегетариандын шарияттагы өкүмү

Мусулман адам ишеними менен эт азыктарын жеш арам деп “веган” же “вегетариан” боло албайт. Ал эми кандайдыр бир себептерден улам этти арам дебестен эт жана башка азыктарды жебей коё алат.
Биринчиден вегетериан ким экенин талдай турган болсок ал: эт азыктарын тактап айтканда канаттуулардын этин, мал этин, балыкты жана жумуртканы жебей, көбүнчө өсүмдүк жана сүт азыктары менен тамактана турган адам. Ал эми “веган” жогоруда айтылган азыктарды жеп эле тим болбостон ал, бал, жумуртка жебестен, сүт да ичпейт, жаныбарлардан терисинен, булгаарыдан, жүндөн жасалган кийимдерди кийбейт. Жаныбарлардын кошулмалары кошулган азыктарды жебейт. Жаныбарларга эксперимент кылынган косметикаларды колдонушпайт. Демек “веган” вегетариандын да ашынганы.
Адамдар дүйнөдө ар кандай себептерден улам вегетариан болот; этикалык жактан тактап айтканда жаныбарларга боору ооруп. Экономикалык жактан, малды сойбой коюу акчаны үнөмдөйт. Экологиалык жактан мал-жанды кармап багуу экоголияга терс таасир тийгизет. Медициналык жактан тактап айтканда вегетариандардын диетасы жүрөк, рак жана ички органдардын ар кандай илдеттерге чалдыгышын азайтат. Диний себептерден да болот. Негизинен тарыхка көз чаптырсак вегетариандык бул илгертеден индиузм, буддизм, жайнизм деген диндерде бар. Ал эми жаңылардан акыркы эки жүз жылда христиандык багыттагы “жетинчи күндүн адвентистери” деген уюмдарда кездешет. 1874-жылы Англиаяда биринчи вегетариандардын коому пайда болот. Россияда вегетариандардын коому он сегизинчи жылдын акырында пайда болот. Азыркы учурда вегетариандар АКШ, батыш өлкөлөрүндө көп. Алардын өздөрүнүн кафе, ресторандары жана дүкөндөрү бар. Биздин коомчулукта да вегетариандык пикирди карманган жана башкаларды да ушуга үндөгөн адамдар жок эмес.
Шариятта бул туурасында эмне деген?
رَوَى عِكْرِمَةُ عَنْ ابْنِ عَبَّاسٍ أَنَّ رَجُلًا أَتَى النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ إنِّي إذَا أَكَلْت اللَّحْمَ انْتَشَرْت فَحَرَّمْته عَلَى نَفْسِي فَأَنْزَلَ اللَّهُ تَعَالَى يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لا تُحَرِّمُوا طَيِّباتِ مَا أَحَلَّ اللَّهُ لَكُمْ
الْآيَةَ
وَرَوَى سَعِيدٌ عَنْ قَتَادَةَ قَالَ : كَانَ نَاسٌ مِنْ أَصْحَابِ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ هَمُّوا بِتَرْكِ اللَّحْمِ وَالنِّسَاءِ وَالِاخْتِصَاءِ ، فَأَنْزَلَ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ : { يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُحَرِّمُوا طَيِّبَاتِ مَا أَحَلَّ اللَّهُ لَكُمْ } الْآيَةَ ، فَبَلَغَ ذَلِكَ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ : { لَيْسَ فِي دِينِي تَرْكُ النِّسَاءِ وَلَا اللَّحْمِ وَلَا اتِّخَاذُ الصَّوَامِعِ (أحكام القرآن للجصاص 4/ 109
عن عبدالله بن عباس: أنَّ رجلًا أَتى النبيَّ ﷺ فقال: يا رسولَ اللهِ، إني إذا أَصَبْتُ اللَّحْمَ انتَشَرْتُ للنساءِ، وأَخَذَتْنِي شهوتي، فحَرَّمْتُ عَلَيَّ اللَّحْمَ، فأنزل اللهُ (يا أَيُّها الَّذِينَ آمَنُوا لا تُحَرِّمُوا طَيِّباتِ ما أَحَلَّ اللَّهُ لَكُمْ، وَلا تَعْتَدُوا إِنَّ اللَّهَ لا يُحِبُّ الْمُعْتَدِينَ وَكُلُوا مِمّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ حَلالًا طَيِّبًا) سنن الترمذي 3054. أحكام القرآن لأبي بكر محمد بن عبد الله المعروف بابن العربي. دار الجيل 2/638
﴿یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ لَا تُحَرِّمُوا۟ طَیِّبَـٰتِ مَاۤ أَحَلَّ ٱللَّهُ لَكُمۡ وَلَا تَعۡتَدُوۤا۟ۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا یُحِبُّ ٱلۡمُعۡتَدِینَ﴾ [المائدة ٨٧]
قَوْلُهُ تَعَالَى: ﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُحَرِّمُوا طَيِّباتِ مَا أَحَلَّ اللَّهُ لَكُمْ وَلا تَعْتَدُوا﴾. فِيهِ خَمْسُ مَسَائِلَ: الْأُولَى- أَسْنَدَ الطَّبَرِيُّ إِلَى ابْنِ عَبَّاسٍ أَنَّ الْآيَةَ نَزَلَتْ بِسَبَبِ رَجُلٍ أَتَى النَّبِيَّ ﷺ فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ إِنِّي إِذَا أَصَبْتُ مِنَ اللَّحْمِ انْتَشَرْتُ وَأَخَذَتْنِي شَهْوَتِي فَحَرَّمْتُ اللَّحْمَ، فَأَنْزَلَ اللَّهُ هَذِهِ الْآيَةَ. وَقِيلَ: إِنَّهَا نَزَلَتْ بِسَبَبِ جَمَاعَةٍ مِنْ أَصْحَابِ رَسُولِ اللَّهِ ﷺ مِنْهُمْ أَبُو بَكْرٍ وَعَلِيٌّ وَابْنُ مَسْعُودٍ وَعَبْدُ اللَّهِ بْنُ عُمَرَ وَأَبُو ذَرٍّ الْغِفَارِيُّ وَسَالِمٌ مَوْلَى أَبِي حُذَيْفَةَ وَالْمِقْدَادُ بْنُ الْأَسْوَدِ وَسَلْمَانُ الْفَارِسِيُّ وَمَعْقِلُ بْنُ مُقَرِّنٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ، اجْتَمَعُوا فِي دَارِ عُثْمَانَ بْنِ مَظْعُونٍ، وَاتَّفَقُوا عَلَى أَنْ يَصُومُوا النَّهَارَ وَيَقُومُوا اللَّيْلَ وَلَا يَنَامُوا عَلَى الْفُرُشِ، وَلَا يَأْكُلُوا اللَّحْمَ وَلَا الْوَدَكَ. الجامع لأحكام القرآن للامام القرطبي 6/168 دار الكتب العلمية.
Куранда Маида сүрөсүнүн 87-аятынын түшүшүнүн себебинде имам Жассас, имам Абу Бакр инб ал-Арабий жана имам Куртубий мындай деген. Алланын элчисинин кээ бир сахабалары эт жегенди, аял алганды жана өздөрүн бычып салганды көздөп жатканда Алла Таала “Эй момундар! Аллахтын силерге адал кылган жакшы нерселерин арамга чыгарып, чектен ашпагыла! Акыйкатта, Аллах чектен ашуучуларды сүйбөйт” — деген аятты түшүрөт. Ошондуктан мусулман коомчулугунда адал азыктардан баш тартуу же аларды колдонууда чектен ашуу биздин адаттан эмес.