Каза намаздарды окууда азан жана коомат айтуу керекпи, кененирээк айтып кетесизби?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Бардык фарз намаздар үчүн, убагындагыбы же казабы, азан айтуу сүннөт болуп эсептелет.
Бөлөк, мисалга, важиб же нафил ж.б. намаздар үчүн азан жана коомат айтылбайт. Бул маселеде, бул эреже негизги болуп эсептелет.
في الدر: وهو سنة) للرجال في مكان عال (مؤكدة) هي كالواجب في لحوق الإثم (للفرائض) الخمس (في وقتها ولو قضاء)... (لا) يسن (لغيرها) كعيد.
وتحته في الرد: (قوله كعيد) أي ووتر وجنازة ... والوتر وإن كان واجبا عنده لكنه يؤدي في وقت العشاء إلخ (رد المحتار ١/۳۸٥ ط: سعيد).
و أيضا في الرد: (قوله فيما مر)... وهي أنه سنة للفرائض. (رد المحتار ١/۳۸۸ ط: سعيد).
وليس لغير الصلوات الخمس والجمعة نحو السنن والوتر والتطوعات والتراويح والعيدين أذان ولا إقامة كذا في المحيط. (الفتاوى الهندية ١/٥۳ ط: رشيديه).
Эгерде каза намаз мечитте окула турган болсо, анда азан жана коомат айтуу зарыл эмес. Ал эми каза намаз үйдө жалгыз окулса, анда бул учурда коомат айтылат, азан айтуу милдет эмес, бирок айтып койгон жакшы..
في الدر: (و) يسن أن (يؤذن و يقيم لفائتة) رافعا صوته لو بجماعة أو صحراء لا ببيته منفردا... (ولا فيما يقضي من الفوائت في مسجد). (رد المحتار ١/۳٩٠-۳٩١ ط: سعيد).
Эгерде, сиз учурдагы фарз намазын окусаңыз, анда азан жана коомат айтуу сүннөт. Ал эми намазды өз убагында окуй албай калсаңыз, анда каза намаздарды окуу тартиби төмөндөгүдөй:
Эгерде, сиз намазды өз убагында окуй албайт калсаңыз, мисалга, жамаат менен сапарда болсоңуз жана бардыгыңар намазды убагынан өткөруп, каза кылып жана казасын жамаат менен окуй турган болсоңуздар, эгерде ачык жерде, мисалга талаада же токойдо болсо, анда азанды кадимкидей добушту катуу чыгарып айтуу керек, ал эми мечиттин ичинде болсо, анда азан катуу айтылбайт.
في الرد: (قوله لو بجماعة إلخ) أي في غير المسجد بقرينة ما يذكره قريبا من أنه لا يؤذن فيه للفائتة (رد المحتار ١/۳٩٠ ط: سعيد).
Эгерде, сиз каза намазын мечитте жалгыз окуй турган болсоңуз, анда азанды катуу айтпоо керек, өзүңүзгө угулгандай, акырын добуш менен айтып койсо болот, кооматты дагы ушундай эле айтуу керек. Анткени, албетте намазды каза кылуу чоң күнөө, ошондой эле күнөөнү көрсөтүү дагы күнөө болот. Азанды адамдарга угуза айтуу менен сиз намазды каза кылганыңызды билдиресиз, бул күнөө, анткени күнөөнү жарыялоо дагы күнөө. Ошондуктан, ислам аалымдары эгерде бир адам мечитте каза намаз окуй турган болсо, анда азан айтуунун кереги жок деп жазышкан. .
في الرد: (قوله لأن فيه تشويشا إلخ) إنما يظهر أن لو كان الأذان لجماعة، أما إذا كان منفردا ويؤذن بقدر ما يسمع نفسه فلا ط... (قوله لأن التأخير معصية) إنما يظهر أيضا في الجماعة لا المنفرد ط لأن المنفرد يخافت في أذانه كما قدمنا عن القهستاني. (رد المحتار ١/۳٩١ ط: سعيد).
· Эгерде, адам каза намазды талаа же токой сыяктуу ж. у.с. ээн жерде окуй турган болсо, анда азан жана коомат айтуу милдет.
في الرد: واستدل لرفع المنفرد في الصحراء بحديث صحيح "إذا كان في غنمك أو باديتك فأذنت للصلاة فارفع صوتك بالنداء فإنه لا يسمع مدى صوت المؤذن إنس ولا جن ولا مدر إلا شهد له يوم القيامة" وأقره في النهر. (رد المحتار ١/۳٩٠ ط: سعيد).
· Эгерде, каза намазды үйүңүздө окуй турган болсоңуз, анда азан айтуу мустахаб, бирок үндү, бөлмөдөн сырткары угулгандай бийик чыгарбоо керек. Коомат дагы айтылат, бирок ал дагы азан сыяктуу акырын добуш менен айтылат.
في الدر: (و) يسن أن (يؤذن يقيم لفائتة) رافعا صوته لو بجماعة أو صحراء لا ببيته منفردا. (رد المحتار ١/۳٩٠-۳٩١ ط: سعيد).
· Эгерде, сиз бир нече каза намазын окуй турган болсоңуз, анда бардык намаздарга бир азан айтылат, ал эми ар бир каза намазга өзүнчө коомат айтуу керек, бирок ар бир намзага өзүнчө азан да жана коомат да айтса болот.
في الدر: (وكذا) يسنان (لأولى الفوائت) لا لفاسدة (ويخير فيه للباقي) لو في مجلس وفعله أولى، ويقيم للكل. (رد المحتار ١/۳٩١ ط: سعيد).
· Аялдар фарз жана каза намаздарга азан жана коомат айтышпайт.
في الدر: وهو سنة) للرجال في مكان عال (مؤكدة) هي كالواجب في لحوق الإثم (للفرائض) الخمس (في وقتها ولو قضاء).
وتحته في الرد: (قوله للرجال) أما النساء فيكره لهن الأذان وكذا الإقامة، روي عن أنس وابن عمر من كراهتهما لهن. (رد المحتار ١/۳۸٤ ط: سعيد).
في الدر: (ولا يسن) ذلك (فيما تصليه النساء أذاء وقضاء).
وتحته في الرد: (قوله ولا يسن ذلك) أي الأذان والإقامة. (رد المحتار ١/۳٩١ ط: سعيد).
وليس على النساء أذان ولا إقامة فإن صلين بجماعة يصلين بغير أذان وإقامة وإن صلين بهما جازت صلاتهن مع الإساءة هكذا في الخلاصة. (الفتاوى الهندية ١/٥۳ ط: رشيديه).
والله اعلم بالصواب