Алыскы сапарларда поездде же автобуста намазды олтуруп окууга уруксат берилеби?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Транспорттун кайсы түрү болбосун, олуттуу себепсиз намазды олтуруп окуу туура эмес. Анткени, “кыям” намаздын фарзы. Ошондой эле намаздын милдеттүү шарты бул Кыбылага жүздөнүү. Ошондуктан, намаздын убагында аны окуп алуу үчүн токтоп туруусун айдоочу менен мурдатан сүйлөшүп алуу керек. Эгерде, айдоочу макул болбосо, анда намаз убагында автобус бир жерге барып токтоосун кароо керек. Эгерде, мындай да болбосо, анда убагы өтүп кете электе Кыбылага жүздөнүп, намазды туруп окуу керек. Эгерде, автобус солкулдап, туруп турууга мүмкүнчүлүк болбосо, анда түркүктү кармап алуу керек, анткени “кыям” фарз, ал эми кол байлоо сүннөт болуп эсептелет, ошондуктан зарылдыкта, жыгылып кетпес үчүн бир нерсени кармап туруу керек.
Эгерде, поездде намазды туруп окууга мүмкүнчүлүк болбосо, мындайча айтканда Кыбыла поезддин каптал тарабында эмес, жүрүп бараткан тарабында болсо, бирөөлөргө тоскоол болбосоңуз, анда намазды эл баскан жеринде окусаңыз болот,буга да мүмкүн болбосо, анда эки олтургучтун ортосунда туруп окуу керек, кадимкидей кыям жана рүкүну аткаруу менен. Мындай абалда олтургучка олтуруп, каршысындагы олтургучка сажда кылып окууга болот. Саждада бутту бүгүп, тизелерди жерге тийгизүү сүннөт же важиб болуп эсептелет, ошондуктан зарылдыкта буларды кылбай коюуга уруксат берилет. Автобуста да намаз ушундай эле тартипте окулат.
Эгерде намазды туруп, Кыбылага жүздөнүп окууга эч мүмкүнчүлүк болбосо, анда намазды мүмкүнчүлүккө карап окуу керек. Мисалга, олтургучка олтуруп рүкү жана сажданы ийилип (бул абалда саждада рүкүгө караганда көбүрөөк ийилет) жасоо керек, бирок сапар аяктаган соң, ушундай абалда окулган намаздардыкайра кайтарып окуп коюу керек.
وفي الخلاصة: وفتاوی قاضیخان وغیرهما: الأیسر في ید العدو إذا منعه الکافر عن الوضوء والصلاة یتیمم ویصلي بالإیماء، ثم یعید إذا خرج … فعلم منه أن العذر إن کان من قبل الله تعالی لاتجب الإعادة، وإن کان من قبل العبد وجبت الإعادة". (البحر الرائق، الکتاب الطهارة، باب التیمم، ط: رشیديه ۱/ ۱٤۲).
والله أعلم بالصواب