KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Вакф магазиндерди субарендага берсе болобу?

Вакф магазиндерди субарендага берсе болобу?
Мечиттин вакф магазинди арендага алып субарендага берсе болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Мечиттердин карамагындагы вакф болгон: ашканалар, павильондор, дүкөндөр мечиттин мүлкү, ага эч ким ээ чыга албайт. Албетте, мечиттин имамы, жетекчиси мечиттин пайдасы үчүн арендага (ижарага) берсе болот. Арендатор ал мүлктүн ээси эмес, ал жөн гана убактылуу пайдаланып, иштеткенге  келишим түзөт. Биздин Ханафий мазхабда арендаторлор ортодон пайда көрүү үчүн башка адамдарга субарендага вакфтын мүлкүн бере албайт. А, бирок келишимде мечиттин тарабынан субарендага берүүнүн уруксаты менен арендатор өз тарабынан кошумча чыгымды кошуп, мисалы: аны ремонт кылып же кеңейтип ж.б.у.с өзгөртүү киргизип субарендага берсе болот.

Мисалы: Дүкөндүн арендасы  беш миң сом болсо, ал эми кондиционери менен алты миң сомго бааланса, арендатор өз тарабынан кондиционерди коюп субарендага берсе, келишимдеги миң сом анын акысы, адал болуп эсептелинет.

Экинчи маселе: Арендатор дүкөндү алгандан кийин ага өз жанынан чыгым кошпой, өзгөртүү киргизбей жана мечиттен арзан алып экинчи тарапка кымбатыраак арендага берүүсү болбойт. Себеби арендатор ал дүкөндүн ээси эмес. Эгерде ким ушинтип арендага берип пайда көргөн болсо, ал пайдасын эсептеп мечитке садака кылып койсун.

Урматтуу мечиттеги вакфтын жетекчилери! Мечиттин жана вакф мүлктөрүн арендага берүүдөгү келишимге: «Субарендага бергенге болбойт» —  деген пункту кошуп коюнуздарды өтүнөбүз. Вакфтын мүлктөрүн көзүбүздүн карегиндей сактаганга аракет кылалы.

في الدر: و لو آجر بأكثر تصدق بالفضل إلافي المسئلتين: إذا آجرها بخلاف الجنس أو أصلح فيها شيئا.

وتخته في الرد: (قوله أو أصلح فيها شيئا) بأن جصصها أو فعل فيها مسناة وكذا كل عمل قائم لأن الزيادة بمقابلة ما زاد من عنده حملا لأمره على الصلاح كما في المبسوط الخ، (الرد المحتار كتاب الاجارة، باب ما يجوز من الاجارة وما يكون خلافا فيها، ٦/۲٩ ط: سعيد).

وإذا استأجر دارا و قبضها ثم آجرها فإنه يجوز إن آجرها بمثل ما استأجرها أو أقل وإن آجرها بأكثر مما استأجر فهي جائزة أيضا إلا أنه إن كانت الأجرة الثانية من جنس الأجرة الأولى فإن الزيادة لا تطيب له ويتصدق... ولو زاد في الدار زيادة كما لو وتد فيها وتدا أو حفر فيها بئرا... طابت له الزيادة. (الفتاوى الهندية ٤/٤۲٥ ط: رشيديه).

فإن آجره بأكثر مما استأجره به من جنس ذلك ولم يزد في الدار شيء ولم آجر معه شيئا آخر من ماله مما يجوز عقد الإجارة عليه لا تطيب له الزيادة عند علمائنا رحمهم الله. (المحيط البرهانى، الفصل السابع: في إجارة المستأجر ٧/٤۲٩ ط: دار الكتب العلمية).

فإن أجرها بأكثر مما استأجرها به تصدق بالفضل إلا أن يكون أصلح منها بناء أو زاد فيها شيئا فحينئذ تطيب له الفضل. (المبسوط للسرخسي ١٥/١۳٠ ط: دار المعرفة بيروت).

إذا كان بدل الإيجار خلاف جنس بدل الإجارة الثاني أو معادل له أو أقل فيحل بدل الإجارة الثاني للمستأجر وإذا كان زائدا وكان المستأجر الأول زاد في المأجور شيئا وإن كلس الدار المستأجرة فتحل له أيضا وإلا فيلزمه أن اتصدق بالزيادة. ( درر الحكام شرح مجلة الأحكام، المادة: ٥۸٦، ١/ ٦٧١ ط: دار عالم الكتب).

والله أعلم الصواب وعلمه أتم

Жооп берди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]
Текшерди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Жакты
+2
20:46
768

Башка фатвалар

Арак саткан магазиндерден продукты алса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Негизи такыба, салих мусулман андай магазиндерд
Алланы элестетүүгө болобу?
Адам баласынын элеси, кыялы анын сезүү органдарынын чегинен чыга албайт, ошондуктан Алла Тааланы эле
Үч талактан соң аялы менен кайра кошулууга болобу?
“Талак” сөзү арабчадан “бошотуу”, “ыргытуу” деп которулат, ал эм