Аялдар менен кол кармашып учурашса болобу?

Ассаламу алейкум. Аялдар мн кол кармашып корушкон болбойт деп уккам бирок кээ бирөлөр корушсо болот дейт ошондо махрамдардан башка кимдер менен учурашканга болот?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Шариатта махрам эмес аялдар менен кол кармашып учурашкан жана жалгыз аны менен отурган да болбойт. Сиз уккан сөз туура эмес.
Ал эми аял өтө карып калган кемпир болсо, анда ал аял менен кол кармашып учурашса зарылчылыкта болот.
في الدر: أما العجوز التي لا تشتهى فلا بأس بمصافحتها ومس يدها إذا أمن (رد المحتار ٦/۳٦۸ ط: سعيد).
والله اعلم بالصواب
Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]