KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Муктади кыямда кандай туруу керек? Буттарды тийгизеби же ийндиби?

Муктади кыямда кандай туруу керек? Буттарды тийгизеби же ийндиби?
Ассаламу алейкум! Муктади кыямда кандай туруу керек? Буттарды тийгизип турабы же ийндиби? Кээ бирөөлөр буттарын талтайтып турушат, кээ бирөө тизелер тийип туруш керек дешет. Туурасы кандай, айтып берсеңиз!

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Ва алейкум ассалям ва рахматуллахи ва баракатуху.

Намазда муктадилер (имамдын артында турган адам) саптарды түздөп, ийиндерин тийгизип, ортодо бош орун болбогондой туруу керек. Жана эки буттун ортосундагы аралык  өтө жакын да эмес, өтө алыс да эмес төрт эличе болуусу жакшы. Бул шарияткам ылайык, намазда турган адамга тиешелүү.

قال: وإذا قاموا في الصفوف تراصوا وسووا بين المناكب لقوله عليه الصلاة والسلام: تراصوا والصقوا المناكب بالمناكب (المحيط البرهاني ج:٢ ص:٢٠٢ كتاب الصلاة، الفصل السابع، في بيان مقام الإمام والمأموم ط: إدارة القرآن، الدر المختار مع الرد: ج:١ ص:٥٦٧ ط: سعيد).

وينبغي أن يكون بينهما مقدار أربع أصابع اليد لأنه أقرب إلى الخشوع هكذا روي عن أبي نضر الدبوسي أنه كان يفعله كذا في الكبرى (رد المحتار ج:١ ص:٤٤٤ ط: سعيد).

وينبغي أن يكون بين قدميه أربع أصابع في قيامه كذا في الخلاصة (الفتاوى الهندية ج:١ ص:٧٣ ط: رشيدية).

Намазда турганда бут жанындагы адамдын бутуна тийип туруу  керекпи? Анткени, бул тема, талаш-тартыш жараткан маселе болгондуктан ага кеңирирээк токтоло кетүү максатка ылайык.

Хадистерди талдоо

Бул маселе боюнча риваят кылынган хадистерде эки сөз айтылат: «ильзак» жана «ильсак». Бул сөздөрдүн лесикалык мааниси бирдей. Мындайча айтканда, “жабыштыруу” деген маанини, ал эми каймана мааниси “мухазат” – “бир түз сызыкта туруу” дегенди билдирет.

Ал эми кийинки маселе,  хадистерде бул сөз түз маанисинде колдонулабы, мындайча айтканда намазда ийиндерди, тизелерди жана буттарды тийгизүүбү (намазда оң жана сол жактан турган адамдар менен), же каймана маанисинде, м.а. жанындагы адамдар менен ортодо бош орун калбагандай, сапта бир түз сызыкта, тегиз турууну билдиреби мына ушуну аныктап алуу керек.  

Бул маселе боюнча хадистерди караштыралы:

عن أبي القاسم الجدلي قال: سمعت نعمان بن بشير رضي الله عنه يقول: أقبل رسول الله صلى الله عليه وسلم بوجهه فقال: "أقيموا صفوفكم ثلاثا، والله لا تقيمن صفوفكم أو ليخالفن الله بين قلوبكم"، قال: فرأيت الرجل يلزق منكبه بمنكب صاحبه وركبته بركبة صاحبه وكعبه بكعب صاحبه (سنن أبي داؤد ج:١ ص:١٧٦ كتاب الصلاة، باب تسوية الصفوف ط: دار الحديث القاهرة).

Котормосу: Номан бин Башир риваят кылат,  Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи вассалям) үч жолу: “Саптарды тегиздегиле” деп айтып жана мындай деп кошумчалаган: “Алла Таала менен ант берем! Же силер сабыңарды тегиздейсиңер, же Алла Таала силердин жүрөгүңөргө карама-каршылык жаратып коёт”. Номан айтат: “Мен адамдын жанындагы турган адамдын ийинине ийинин, тизесине тизесин жана кызыл ашыгына кызыл ашыгын тийизип турганын көргөм”.

Бул хадисти имам Абу Дауд “Саптарды тегиздөө” бөлүмүндө келтирген.Бул хадистин түшүндүрмөсү боюнча “Базлул Мажхуд” китебинде мындай деп айтылган: 

(قال) أي نعمان بن بشير (فرأيت الرجل) أي من الصحابة المصلين بالجماعة بعد صدور ذلك القول من رسول الله صلى الله عليه وسلم (يلزق) أي يلصق (منكبه بمنكب صاحبه وركبته بركبة صاحبه وكعبه بكعبه) ولعل المراد بالإلزاق المحاذاة فإن إلزاق الركبة بالركبة والكعب بالكعب في الصلاة مشكل، وأما إلزاق المنكب بالمنكب فمحمول علي الحقيقة (بذل المجهود ج:٤ ص:٣٢٩ ط: دار اللواء الرياض).

Котормосу: Ибн Умар риваят кылат, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи вассалям) айткан: “Саптарды түзгүлө, аларды ийиниңер менен тегиздегиле жана бош орундарды толуктагыла”.

عن سماك ابن حرب، قال: سمعت نعمان ابن بشير يقول: كان النبي صلى الله عليه وسلم يسوينا في الصفوف كما يقوم القدح حتى إذا ظن أن قد أخذنا ذلك عنه وفقهنا أقبل ذات يوم بوجهه إذا رجل منتبذ بصدره  فقال: "لتسون صفوفكم أو ليخالفن الله بين وجوهكم" (سنن أبي داؤد ج:١ ص:١٧٦ كتاب الصلاة، باب تسوية الصفوف ط: دار الحديث القاهرة).

Котормосу: Номан бин Башир риваят кылат,  Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи вассалям) саптарды жаанын огун түздөгөндөй (жаанын учун сабына салгандай) түздөгөн. Биз андан муну үйрөнүп жана түшүнүп калдык деген ойлоп калган кезде, бир күнү бир адамдын көкүрөгү (саптан) чыгып калган эле, ал бизге бурулду да айтты: “Саптарды түздөгүлө, болбосо Алла бириңердин жүзүңөрду бириңерге каршы (душман) кылып коёт”.

عن البراء ابن عازب قال: كان رسول الله صلى الله عليه وسلم يتخلل الصف من ناحية إلى ناحية يمسح صدورنا ومناكبنا ويقول: "لا تختلفوا فتختلف قلوبكم" (سنن أبي داؤد ج:١ ص:١٧٦ كتاب الصلاة، باب تسوية الصفوف ط: دار الحديث القاهرة).

Котормосу: Бара ибн Азиб риваят кылат, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи вассалям) саптарды кыдырып, биздин көкүрөктөрүбүздү жана ийиндерибизди түздөп жатып айтты: “Бөлүнбөгүлө, болбосо силердин жүрөгүңөргө карама-каршылык түшөт”.

Эгерде, бул маселе боюнча риваят кылынган хадистердин бардыгына көңүл буруп карап чыга турган болсок, алардын негизги максаты жана мааниси саптарга өтө маани берүү зарылдыгын түшүнөбүз. Ошондой эле жогоруда айтылгандар боюнча мухадистер дагы,  “Базлул Мажхуд” китебинде келтирилгендей ушул мааниге багытташкан.

«Иляус-Сунан»  китебинде автор Анас (радиаллаху анху) риваят кылган хадисти келтирет жана  ошол эле  Анастын  (радиаллаху анху) Мамардан риваят кылган ушул эле  хадисин башкача версияда түшүндүрөт.

عن أنس رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: أقيموا صفوفكم فإني أراكم وراء ظهري وكان أحدنا يلزق منكبه بمنكب صاحبه وقدمه بقدمه رواه البخاري (ج:١ ص:١٠٠) قال الحافظ في الفتح: وأخرجه الإسمعيلي من رواية معمر عن حميد بلفظ: قال أنس: فلقد رأيت إلى آخره، وزاد معمر في روايته: ولو فعلت ذلك بأحدهم اليوم لنفر كأنه بغل شموس.

Анас (радиаллаху анху) риваят кылат, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи вассалям) айткан: “Саптарды түздөгүлө, акыйкатта мен силерди ийиниңерден көрүп турам”. Анас (радиаллаху анху) айтат: “Биз бири бирибизге ийиндерибизди жана кызыл ашыктарыбызды тийгизип турдук”. (имам Бухари).  Хафиз (ибн Хаджар) «Фатх аль-Бари» китебинде жазат: “Исмаил Мамардан, ал Хумейден риваят кылат, Анас (радиаллаху анху) айтат: “Мен көрдүм... ал эми Мамар бул хадис боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүндө мындай деп кошумчалаган: “Эгерде, мен (м.а. Анас)  бүгүн бирөө менен ушундай кылганымда (м.а. кошуп алганымда), анда ал (коркуп) үркөнчөөк качыр сыяктуу качып кетмек”.

Төмөндө китептин автору эки хадисти келтирет

قلت: أخذت طائفة في زماننا بظاهر هذا الحديث فتراهم يلزقون أقدامهم بأقدام من يليهم في الصف، ولا يزالون يتكلفون في ذلك إلى آخر الصلاة، ولا يخفى أن في إلزاق الأقدام بالأقدام مع إلزاق المناكب بالمناكب والركب بالركب مشقة عظيمة لا سيما مع إبقائها كذالك إلى آخر الصلاة كما هو مشاهد، والحرج مدفوع بالنص على أن إلزاق تلك الأعضاء بأجمعها حقيقة غير ممكن إذا مان المصلون مختلفي القامة، فالمراد منه جعل بعضها في محاذاة بعض. قال الحافظ في الفتح تحت قول البخاري: باب إلزاق المنكب بالمنكب والقدم بالقدم في الصف: "المراد بذلك المبالغة في تعديل الصف وسد الخلل"، (٢/١٧٦) وفي عون المعبود في شرح حديث ابن عمر رضي الله عنه ما نصه قوله: "وحاذوا بالمناكب" أي اجعلوا بعضها في حذاء بعض بحيث يكون منكب كل واحد من المصلين موازيا لمنكب الآخر مسامتا له فتكون المناكب والأعناق والأقدام في سمت واحد (١/٢٥١) قال الشيخ ولو حمل الإلزاق على الحقيقة، فالمراد منه إحداثه وقت الإقامة لتسوية الصف، فإن إحداث  الإلزاق بين تلك الأعضاء طريق تحصيل هذه التسوية ولا دلالة في الحديث على إبقاءه في الصلاة بعد الشروع فيها ومن ادعى ذلك فلتأت بحجة عليه. قلت: وقول أنس: "كان أحدنا" وقوله: "وقد رأيت أحدنا" يفيد أن الفعل المذكور كان في زمن النبي صلى الله عليه وسلم ولم يبق بعده كما صرح به قوله في رواية معمر: "ولو فعلت ذلك بأحدهم اليوم لنفر كأنه بغل شموس "فلو كان ذلك سنة مقصودة من سنن الصلاة لم يتركه الصحابة رضي الله عنهم ولم يتنفر منه أحد. فالصحيح ما قلنا: إن ذلك كان للبمالغة في تسوية الصف حين الإقامة لا بعدها في داخل الصلاة، فافهم (إعلاء السنن ج:٤ ص:٣٦٠ ط: إدارة القرآن).

Котормо: “Биздин учурда хадистин маанисин түзмө түз түшүнүп алышат да намазда турганда таманын жанындагынын таманына тийгизип турууга аракет кылганын көрөсүз. Алар намаздын аягына чейин ушундай кылууга аракеттенишет. Бирок, намаз бүткөнчө таманды таманга, ийинди ийинге тийгизип туруу өтө оор экендигин билебиз. Ал эми ачык тексттерге ылайык оорчулуктар жоюлуш керек, анткени дене мүчөлөрүнүн бардыгын бирдей тийгизип туруу, намаз окуучулардын бойлорунун бийиктиги да ар түрдүу болгондуктан, эч   мүмкүн эмес. Ошондуктан, бул хадистердин максаты саптардын бир түз сызыкта тегиз болуусу. Хафиз (ибн Хажар)  өзүнүн китебинде имам Бухаринин: “Сапта ийинди ийинге жана таманды таманга тийгизип туруу” деген сөзүн: “Мунун максаты, саптарды тегиздөөгө жана бош орундарды толтурууга өтө көңүл буруу керек” -  деп түшүндүрөт. «Аунуль Мабуд» китебинде ибн Умардын (радиаллаху анхума) хадисине берилген түшүндүрмөдө мындай деп айтылган: “Ийинге карап түздөнгүлө”, м.а. ар бир намаз окуучунун ийини бир түз сызыкта болсун”. Мына ошондой болгондо, ийин, моюн жана  кадамдар бир сызыкта болот. Шейх айтат:  “Бириктирүүнү түз маанисинде алганда да, бул кооматта саптарды түздөө керектигин билдирет, ал эми намаздагы абалдар (кызылы ашыктарды жана тизелерди тийгизип туруу) жөнүндө болсо, бул боюнча хадисте эч кандай көрсөтмө жок, ал эми кимдер ушундай деп айтса, ал далилин көрсөтсүн”. Анастын (радиаллаху анху) “Биздин бирибиз” жана “Мен көрдүм, биздин” деген сөзү,  ушул айтылган кыймыл (м.а. тизелерди жана кадамдарды тийгизүү)  Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи вассалям) убагында болгон, ал эми андан кийин аткарылган эмес, буга Мамардын версиясындагы анын (Анастын: “Эгерде, мен (м.а. Анас)  бүгүн бирөө менен ушундай кылганымда (м.а. кошуп алганымда), анда ал (коркуп) үркөнчөөк качыр сыяктуу качып кетмек” - деген сөзү далил. Ал эми эгерде бул (м.а. максат саптарды түздөө эмес ушундай кылуу) бекитилген сүннөт болгондо,  анда сахабалар аны ташташмак эмес жана андан эч ким качмак да эмес. Ошондуктан, акыйкаты биз жогоруда эскерип кеткен, намаздын ичинде эмес,  кооматта саптарды түздөө тболуп эсептелет.

Жогоруда келтирилгендерден биз бул хадистин түз мүчөлөрдү тийгизип туруу маанисин эмес, каймана маанисин, м.а. саптарды түздөө маанисин түшүнөбүз.  Төмөндө, биз бул маселе боюнча,  төрт мазхабдын корутундусун келтиребиз.

Төрт махабдын корутундусу

Ханафи мазхабы:

“Рад аль-Мухтар” китебинде айтылган:   

(قوله ومنها القيام)... وينبغي أن يكون بينهما مقدار أربع أصابع اليد لأنه أقرب إلى الخشوع هكذا روي عن أبي نضر الدبوسي أنه كان يفعله كذا في الكبرى. وما روي أنهم ألصقوا الكعاب بالكعاب أريد به الجماعة أي قام كل واحد بجانب الآخر كذا في فتاوى سمرقند (رد المحتار ج:١ ص:٤٤٤ باب صفة الصلاة، بحث القيام ط: سعيد). 

Котормосу: “(Анын сөзү...фарздардан: аль-Кыям) ... Буттардын ортосундагы аралык төрт эли болуш керек, анткени бул такыбалыкка жакыныраак. Абу Надр ад-Дабуси ушундайча риваят кылган, жана өзү ушундай кылган, Кубрада ушундай берилген. Ал эми алар (сахабалар) кызыл ашыктарын тийгизген (жанындагы менен) м.а. айтканда ар бири жанындагынын каптал жагында турган дегенди түшүнүү керек, фатава Самаркандда ушундайча айтылган.

«Аль-Фикх аляль мазахиб аль-арба» китебинде айтылган:

ومنها تفريج القدمين حال القيام، بحيث لا يقرن بينمها ولا يوسع إلا بعذر كسمن ونحوه وقد اختلف في تقديره في المذاهب (الفقه على المذاهب الأربعة ج:١ ص:٢٣٤ ط:دار الكتب العلمية).

Котормосу: “Кыямда буттарды өтө бириктирбей жана олуттуу себеп болбосо, м. өтө семиздиктен ж.у.с.койбой, өтө да кенен кылбай туруу сүннөт болуп эсептелет. Бирок, аралыкты (эки буттун ортосундагы) аныктоодо мазхабдардын пикирлери айырмаланып кетти”.

Шафи мазхабы:

Төмөндө комментарийлерде автор мындай деп жазат:

والشافعية قدروا التفريج بينهما بقدر شبر. فيكره أن يقرن بينهما أو يوسع أكثر من ذلك كما يكره تقديم إحداهما على الأخرى (الفقه على المذاهب الأربعة ج:١ ص:٢٣٤ ط:دار الكتب العلمية).

Котормосу: “Шафилер буттардын ортосундагы аралыкты бир сөөм деп аныкташты... Буттарды бириктирип же мындан (сөөмдөн)  кенен кылып туруу дурус эмес, ошондой эле бир бутту алдыга кылып туруу да дурус эмес”.

Маликий мазхабы:

المالكية قالوا: تفريج القدمين مندوب لا سنة، قالوا المندوب أن يكون بحالة متوسطة بحيث لا يضمهما ولا يوسعها كثيرا حتى يتفاحش عرفا ووافقهما الحنابلة على هذا التقدير إلا أنه لا فرق عند الحنابلة بين تسميته مندوبا أو سنة (الفقه على المذاهب الأربعة ج:١ ص:٢٣٤ ط:دار الكتب العلمية).

Котормосу: “Маликийлер буттардын ортосунда аралыкты калтыруу сүннөт эмес, мустахаб деп эсептешет. Алар айтышат: “Аралыктын (буттардын ортосундагы) бириктирбей да жана өөн учурай тургандай өтө алыс кылбай орточо аралыкта болуусу дурус (мандуб) дешет. Аралык боюнча аларга ханбалиттер да  кошулушат, бирок сүннөт же дурус (мандуб) болуусунун  айырмачылыгын сезишпейт”.

Ханбалий мазхабы:

وقال الموفق: يكره أن يلصق إحدى قدميه بالأخرى في حال قيامه لما روى الأثرم عن عيينة بن عبد الرحمان قال: كنت مع أبي في المسجد فرأى رجلا يصلي قد صف بين قدميه وألزق احداهما بالأخرى، فقال أبي: لقد أدركت في هذا المسجد ثمانية عشر رجلا من أصحاب النبي صلى الله عليه وسلم ما رأيت أحدا منهم فعل هذا قط، وكان ابن عمر رضي الله عنه لا يفرج بين قدميه ولا يمس إحداهما بالأخرى ولكن بين ذلك لا يقارب ولا يباعد (حاشية لامع الدراري ج:١ ص:٢٨٠).

Муаффик айтты: “Кыямда турганда эки бутту бириктирип туруу дурус эмес, анткени Асрам Уяйна ибн Абдурахмандан риваят кылган, ал мындай деп айткан: «Мен атам менен мечитте элем. Ал эки бутун бириктирип намаз окуп жаткан адамды көрүп ага мындай деп айтты: “Мен мечиттен Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи вассалям) мечитте намаз окуган он сегиз сахабасын көргөм, алардын бири дагы (сендей кылып) намаз окушкан эмес. Ибн Умар (радиаллаху анхума) буттарын өтө алыс да жана өтө жакын да эмес, орточо аралыкта койгон”.

Корутунду

Эгерде, хадисти түз маанисинде кабыл ала турган болсок, анда кыямда эле эмес, намаз бүткөнчө рүкүдө да жана саждада кадамдарды эле тийгизип турбастан, ийиндерди да,  тизелерди  да тийгизип турууга туура келет. Анткени, хадисте кыямда эле ушундай абалда тургула деп айтылган жок да. Эгер ушундай болгондо, анда бардык муктадилерге алардын бойлорунун бирдей эместигин эске алуу менен, намаз бүткөнчө айтылган абалды сактап туруу эч мүмкүн эмес. Буттарын алыс кылса, жанындагы адамга тоскоол болот, ал эмес анын бутун басып алуусу мүмкүн, иш жүзүндө кезиктирип жүргөнүбүздөй, көптөрү жамаат намазында эле эмес, жалгыз окуганда да кыямда буттарын талтайтып турушат, бул намаздын сүннөтү жана хадистердин максаттык көрсөтмөсү сыяктуу.

Алла Таала Өзүнүн китебинде намазда баш ийүү жана кичипейилдик менен ар дене мүчөсү жана сырткы көрүнүшү аркылуу Улуу Падышанын,   асмандар жана жердин Ээсинин, асмандар жана жердин Роббисинин алдында бечара, алсыз кулу экендигин көрсөтүп турууга өкүм кылган.

"وقوموا لله قانتين "(البقرة، الآية:٢٣٨). 

Котормосу: “Жана намазда Алланын алдында баш ийген абалда тургула” (Бакара сүрөсү, 238-аят).

Жыйынтыктай турган болсок, алгач Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи вассалям) сахабалары бул хадистин түз маанисине амал кылууга аракет кылышкан, бирок кийин, мындай кылууга мүмкүн болбогон соң,  анын башка хадистерге ылайык келген каймана маанисине амал кылышкан. Ошондуктан, хадистин мухадистер жана мужтахиддер түшүнгөн маанисине амал кылуу керек, анткени алар сахабалардын намазды кантип  окугандарын көргөндөрду көрүшкөн. 

عن أنس رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: "رصوا صفوفكم، وقاربوا بينها، وحاذوا بالأعناق" (سنن أبي داؤد ج:١ ص:١٧٦ كتاب الصلاة، باب تسوية الصفوف ط: دار الحديث القاهرة).

Анас (радиаллаху анху) риваят кылат, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи вассалям) айткан: “Саптарыңарды бириктиргиле, аларды жакын кылгыла жана моюнуңарга карап түздөнгүлө”.

Мына ушул айтылгандардан хадистин түз мааниси   максат эмес экендиги көрүнүп турат. Анын негизги максаты, саптарды түздөөгө үйрөтүү жана эмнелер менен түздөө керектигин көрсөтүү. Эгерде, сап  буттун учуна тегизделе турган болсо, анда ал түз болбой калат, анткени бирөөнүн буту чоң, бирөөнүкү кичине болуп, буту кичинеси  алдыга чыгып, сап түз болбой калат. Ал эми ийинге, кызыл ашыкка, тизелерге карата түздөлө турган болсо, анда адамдын боюнун узун кыскалыгы, денесинин чоң кичинелигине карабастан, сап түздөлөт. Ошондуктан, буттуу өтө талтайтып да жибербей, же өтө кууш да койбой, кадамдардын ортосундагы аралыкты төрт эличе калтыруу керек.  

Жана Алла Өзү жакшы Билүүчү.

Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]
Жакты
+2
05:33
1405

Башка фатвалар

Муктади имам саламды айтып бүткөнгө чейин саламды бүтүрүп койсо, намаз дурус болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Эгерде саламды айтып жатканда и
Эгерде муктади  такбир тахриманы имам айтып бүткөнгө чейин айтып койсо, намаз дурус болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Эгерде муктади “Аллоху Ак
Имам менен муктадийлердин ортосундагы саптын аралыгы канча болуусу керек?
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومص