KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Пабжи (PUBG) ойносо болобу?

Пабжи (PUBG) ойносо болобу?
Пабжи (PUBG) ойносо болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Пабжи оюнда шариятка ылайык келбеген зыян нерселер бар алар төмөнкүлөр:

1)     Бул оюн эч кандай мааниге ээ эмес жана пайдасыз. Убакытты, ден – соолукту, күчтү кетирүүдөн башка диний же дүйнөлүк пайдасы жок. Ислам дини убакытты пайдасы жок текке кетирүүдөн тосот.

قال العلامة الحصكفي رحمه الله تعالي في الدر المختار من الكراهية: وكره كل لهو لقوله عليه الصلاة و السلام: كل لهو المسلم حرام إلا ثلاثة.....الخ. قال العلامة ابن عابدين رحمه الله تعالي: اي كل لعب و عبث إلي قوله والمزمار والصبخ والبوق فإنها كلها مكروهة لأنها زي الكفار.

2)   Бул оюнду улам – улам, көп ойногон адамдардын аң – сезими терс болуп, оюнга берилүү (зависимость) пайда болуп ансыз туралбай калат, натыйжада кумарга айланат. Керек болсо, бул дүйнөнү дагы ошол оюндагыдай виртуалдык көз караш менен карап калат, (мындайча айтканда: бир адамга зыян жеткирүү, уруп койуу, унаа менен сүзүп кетүү, өлтүрүп койуу, керек болсо өз жанына кол салуу) адамдык жашоо ага эч кандай баалуулукка ээ болбогондой болот. Акыры келип билинбестен андан боор ооруу, мээримдүүлүк жана башка мусулмандык сыпаттар кетип калат. Мындай оюн ойноп, ага кирип кеткендер оюнду чынга айланткан канчалаган окуяларга күбө болуп жатабыз.

Демек, Ислам шариятына ылайык пабжи (PUBG) оюнун ойноого таптакыр жол берилбейт.

Өзгөчө күч – кубатка толгон жаштардын келечеке кең кадам таштап, чоң ийгиликтерди жаратууга убактысын сарптагандын ордуна пайдасыз бул оюн менен алек болуусу өкүндүрөт.

Аллахым баарыбызды шайтандын ар кандай азгырыктарынан жана айлакерлигинен сактаган болсун!

فالضابط في هذا الباب عند مشائخنا الحنفية، المستفاد من أصولهم و أقوالهم: أن اللهو المجرد الذي لا طائل تحته، و ليس له غرض صحيح مفيد في المعاش و لا المعاد حرام او مكروه تحريما، وهذا امر مجمع عليه في الأمة، متفق عليه بين الأئمة، وما كان فيه غرض و مصلحة دينية او دنيوية، فإن ورد النهي عنه من الكتاب او السنة (كما في النردشير) كان حراما او مكروها تحريميا، وألغيت تلك المصلحة و الغرض لمعارضتها للنهي المأثور حكما بأن ضرره أعظم من نفعه...
وأما ما لم يرد فيه النهي عن الشارع، وفيه فائدة و مصلحة للناس، فهو بالنظر الفقهي علي نوعين:
الأول: ما شهدت التجربة بأن ضرره أعظم من نفعه و مفاسده أغلب علي منافعه، وأنه من اشتغل به ألهاه عن ذكر الله وحده و عن الصلوات و المساجد، التحق ذلك بالمنهي عنه لاشتراك العلة فكان حراما او مكروها.
والثاني: ما ليس كذلك،  فهو ايضا إن اشتغل به بنية التلهي و التلاعب فهو مكروه، وإن اشتغل به لتحصيل تلك المنفعة و بنية استجلاب المصلحة فهو مباح، بل قد يرتقي الي درجة الاستحباب او أعظم منه.  (تكملة فتح الملهم: ٤/٤٣٦).
وعلي هذا الأصل فالالعاب التي يقصد بها رياضة الأبدان او الأذهان جائزة في نفسها ما لم تشمل علي معصية أخري، وما لم يؤد الانهماك فيها الي الاخلال بواجب الإنسان في دينه و دنياه، والله سبحانه أعلم. (تكملة فتح الملهم: ٤/٤٣٦).

فقط والله تعالٰی اعلم و علمه أتم

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+4
05:40
1766

Башка фатвалар

Бильярд ойносо болобу жана бильярд ойноочу жайын (клубун) ачса болобу?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Бильярд спорттук оюндардын бири эке
Карта ойносо болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатух!
Алланы элестетүүгө болобу?
Адам баласынын элеси, кыялы анын сезүү органдарынын чегинен чыга албайт, ошондуктан Алла Тааланы эле