Арам жол менен тапкан акча көбөйүп кетсе, акча адал болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Арам жол менен табылган акча бирөөнүн акысы болот. Ошол үчүн ошол акчаны ээсине кайтаруу керек. Эгерде ээси табылбаса же жок болсо, анда ошол акчаны кембагалдарга таратып коюу керек. Эгерде сиздин күйөөңүз чын жүрөктөн тообо кылган болсо жана эмкиде адал жол менен акча табам деп чечим кылган болсо, анда азыр баягы арам жол менен тапкан акчасынын өлчөмүнө жараша акчаны кем багалдарга таратып коюу керек, себеби ал адал эмес. Ал эми ошол арам акчага малды алып көбөйткөндүн себебинен түшкөн киреше дагы негизи кембагалдарга таратуу керек, бирок сиз өзүңүз тиричилкти жүргүзүү үчүн ошол акчага же малдарга муктаж болсоңуз, анда ошолорду иштетсеңиз болот.
في الدر: (وصح بيع غير الخمر) مما مر، مفاده صحة بيع الحشيشة والأفيون. قلت: وقد يئل ابن نجيم عن بيع الحشيشة هل يجوز؟ فكتب لا يجوز، فحمل على أن مراده بعدم الجواز عدم الحل (رد المحتار ٦/٤٥٤ ط: سعيد).
۲-الغلة والربح الذي حصل للغاصب أو كاسب الحرام قبل أداء بدله إلى المالك أو قبل التصدق لا يطيب له الانتفاع حتى يؤدي بدله...ولكن صرح الحنفية أنه خبيث قبل أداء البدل. فإن أدى البدل انقلب الربح جائزا عند أبي يوسف رحمه الله تعالى ولا ينقلب طيبا عند أبي حنيفة ومحمد رحمهما الله تعالى بعد أداء البدل، فله الخيار بين أن يتصدق به، أو يرده إلى مالكه...
٧-ما وجب التصدق به لكاسب الحرام، واحتاج إليه لنفقته ونفقة عياله، يجوز صرفه إلى نفسه، فإن كان فقيرا لا يجب عليه التصدق بمثله... إلخ (فقه البيوع ۲/١٠٥۳-١٠٥٥ ط: سعيد).
والله اعلم بالصواب