KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Сажда саху унутуп эки жака салам берсе эмне кылуу керек?

Сажда саху унутуп эки жака салам берсе эмне кылуу керек?
Намазда Сажида сахф Важиб болгондо да унутуп калып намазды бүтүрүп туруп кетсе кайрадан окуу важиб болобу? Сажида фарзга да нафилга да өкүмү бирдейби?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

1.  Эгерде сиз намаздын ичинде бир важибти аткарбай калсаңыз, анда сажда саху важиб болот. Сүннөт же мустахаб калып калса, анда сажда саху важиб болбойт. Эгерде сиз сажда сахуну унутуп калдыңыз жана эки жака салам бердиңиз, анда ушул абалды караш керек. Сиз эгерде салам бергенден кийин эч ким менен сүйлөшпөдүңүз жана кыбыланын тарабынан жүздү бурбадыңыз, мындайча айтканда, намазды буза турган эч кандай амал кылбадыңыз, анда оң жака бир салам берип, эки сажда кылып анан кийин аттахият, салават жана дуа окуп, эки жака салам берип намазды бүтүрөсүз. Сиздин намазыңыз дурус болот.

 Ал эми эки жака салам бергенден кийин сиз сажда сахуну эстеп калсаңыз, бирок сиз бирө менен сүйлөштүңүз же кыбладан жүздү башка жака буруп койдуңуз, же намазды буза турган амал кылдыңыз, анда сажда саху кылуу дурус болбойт. Ал эми намаздын убакыты чыкпаган болсо, намазды кайра окуп коюу важиб болот. Ал эми намаздын убактысы чыгып кеткен болсо анда намаздын казасын кайра окуу керек.

2. Сажда сахунун фарз жана нафл намаздардын өкүмү бирдей.

في الدر: (ويسجد للسهو ولو مع سلامه) ناويا (للقطع) لأن نية تغيير المشروع لغو (ما لم يتحول عن القبلة أو يتكلم) لبطلان التحريمية، ولو نسي السهو أو سجدة صلبية أو تلاوية يلزمه ذلك مادام في المسجد.

وتخته في الرد: (قوله مادام في المسجد) أي وإن تحول عن القبلة استحسانا... تنبيه: قال هنا ما دام في المسجد وفيما قبله ما لم يتحول عن القبلة، ولعل وجه الفرق أن السلام هنا لما كان سهوا لم يجعل مجرد الانحراف عن القبلة مانعا؛ ولما كان فيما قبله عمدا جعل مانعا على أحد القولين، وهو ما مشلى عليه المصنف لما في البدائع من أن السجود لا تسقط بالسلام ولو عندا إلا إذا فعل فعلا يمنعه من البناء بأن يتكلم... أو صرف وجهه عن القبلة وهو ذاكر له لأنه فات محله وهو تحريمة الصلاة فسقط ضرورة فوات محله ـأمل (رد المحتار ۲/٩١ ط: سعيد).

وتخته في الرد: تنبيه: قيد في البحر في باب قضاء الفوائت وجوب الإعادة في أداء الصلاة مع كراهة التحريمة بما قبل خروج الوقت أما بعده فتستحب، وسيأتي الكلام فيه... وترجيح القول بالوجوب في الوقت وبعده (رد المحتار ١/٤٥٧ ط: سعيد).

(وإعادتها بتركه عمدا) أي ما دام الوقت باقيا، وكذا في السهو إن لم يسجد له وإن لم يعدها حتى خرج الوقت تسقط مع النقصان (حاشية الطحطاوي على مراقي الفلاح ص:۲٤٧ ط: قديمي).

في الدر: (والسهو في صلاة العيد والجمعة والمكتوبة والتطوع سواء) والنختار عند المتأخرين عدمه في الأوليين لدفع الفتنة إلخ (رد المحتار ۲/٩۲ ط: سعيد).

والله اعلم بالصواب

Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]
Жакты
+2
21:15
1595

Башка фатвалар

Оң жака салам бербей сол жака салам берип койсо намаз өтөбереби жана сажда саху кылуу керекпи?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде сиз адашып оң жака салам бербей сол жака
Витр намазында кунут дуасын айтууну унутуп, саждада эстесе, сажда сахв кылуу керекби?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Ооба, сажда сахв кылуу керек.
Бир сажда кылып экинчини унутуп калса эмне кылуу керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде сиз бир сажданы кылып экинчи сажданы уну