Колдонууга мүмкүн болбогон эски ислам адабиятты эмне кылуу керек?

Колдонууга мүмкүн болбой калган эски Аллахтын аты, Куран аяттары же хадистин тексттери болгон адабияттарды бут баспай турган жерге көмүп койгон жакшыраак, анткени бул нерселер Аллага таандык болгондуктан, аларды урматтоо керек. Пайдаланууга мүмкүн болбой калган соң, аларды көмүп салуу да урматтоого жатат. Ошондой эле, Алланын аты бар Куран аяттарын ж.у.с. сууга чөктүрүп жиберүүгө да уруксат берилет.
А эгерде мындай кылууга мүмкүн болбосо, мисалга, чоң шаарларда, көмүп салууга же чөктүрүп жиберүүгө мүмкүнчүлүк болбогон жерлерде, Алланын, периштелердин жана пайгамбарлардын аттарын өчүрүп, таштанды төгүлүп калган жерлерге түшүп калбагандай кылып, өрттөп жиберүү керек.
في الدر: الكتب التي لا ينتفع بها يمحى عنها اسم الله وملائكته ورسله ويحرق الباقي ولا بأس بأن تلقى في ماء جار كما هي أو تدفن وهو أحسن منا في الأنبياء.
А Куранды болсо, эгер ал өтө эскирип колдонууга мүмкүн болбой калса, аны таза кездемеге ороп, үстүнө капкак же тактай коюп таза жерге көмүп коюу керек жана көмүп жатканда топурак ыргытылбайт, анткени бул дагы Ыйык тексттерге болгон урматсыздык болуп эсептелет.
في الرد: لكن عبارة المجتبى: والدفن أحسن كما في الأنبياء والأولياء إذا ماتوا، وكذا جميع الكتب إذا بليت وخرجت عن الانتفاع بها... وفي الذخيرة: المصحف إذا صتر خلقا وتعذر القراءة منه لا يحرق بالنار إليه أشار محمد و به نأخذ، ولا يكره دفنه، وينبغي أن يلف بخرقة طاهرة، ويلحد له لأنه لو شق ودفن يحتاج إلى إهالة التراب وفي ذلك نوع تحقير إلا إذا جعل فوقه سقف وإن شاء غسله بالماء أو وضعه في موضع طاهر لا تصل إليه يد محدث ولا غبار ولا قذر تعظيما لكلام الله عز وجل (رد المحتار ٦/٤۲۲ ط: سعيد).