Тырмак улатуу, ботокс жасатууга болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Аллах Таала инсанды эң сулуу, келбеттүү кылып жараткан. Ыйык Куранда Аллах Таала мындай деп кабар берет:
"لقد خلقنا الإنسان فى أحسن تقويم"
Мааниси: «Албетте, Биз инсанды эң мыкты-текши турпатта жараттык». (Тин 4-аят)
Демек, канча макулук жаралган болсо, алардын ичинен эң сулуу, эң келбеттүүсү бул – инсан болуп эсептелет. Ар бир мүчөсү өз ордунда, иштеткенге ыңгайлуу, өзүнүн тулку боюна жарашыктуу болуп жаралган. Ошондой болсо да, кээ бир шүгүрсүз пенделер өзүнүн келбетине ыраазы болбостон, кээ бири болсо башка бирөөлөргө окшошкусу келип, а кээ бирлери жөн гана сулуу көрүнгүсү келип, ар кандай ыкмаларга барып жатышат. Учурда аял затынын арасында жасалма кооздук нерселер абдан күч алды. Ошолордун арасында жасалма тырмак чаптатуу жана ботокс ыкмасын колдонуу көбөйдү. Эми шариятыбыз боюнча мындай ыкмаларга барса болобу, мына ушул суроого жооп берели:
1. Тырмакты узун кылып жүрүү – шариятыбыз боюнча жаман, жийркеничтүү көрүнүш деп эсептелет. Себеби, тырмакты алып жүрүү бул – фитрат, б.а туубаса касиет, тазалык болуп саналат. Ар жума күнү алып туруу – мустахаб. А бирок, тырмактарын албастан, кырк күндөн ашырып жиберүү туурасында эскертүүлөр айтылган. Демек, өзүнөн-өзү өсүп чыккан тырмакты алуу керек болгондон кийин, учурдагы мода сыяктуу кылып узун тырмак чаптатып алуу бул – Ислам баалулуктарына каршы келет. Ошондуктан, жасалма тырмак чаптатуу дурус эмес.
Бану Гифар уурусунан болгон сахаба риваят кылат, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айткан: «Кимде-ким аврет жеринин түктөрүн тазалабаса, тырмактарын албаса жана мурутун кыскартпаса, анда ала бизден эмес».
Демек, төмөнкү себептерден улам жасалма тырмак чаптатууга болбойт:
a) Хадистердин көрсөтмөсүнө ылайык тырмак дайыма кыска болуп, кыскартылып жүрүүгө тийиш. Шариятыбыздын талабы да ушундай.
b) Жасалма тырмак суу өткөзбөйт. Демек, даарат да дурус болбой калат
c) Узун тырмак коюу башка айбанаттарга окшошуу менен барабар болуп калат.
d) Бузукулардын жоругу
Мына ошол үчүн жасалма тырмак чаптатуу дурус эмес.
عن رجل من بنى غفار أن رسول الله صلى الله عليه و سلم قال: من لم يحلق عانته و يقلم أظفاره و يجز شاربه فليس منا. (مسند الإمام أحمد، رقم ٢٣٤٨)
و فى الدر: و كره تركه وراء الأربعين و في الشامية: قوله و كره تركه اى تحريما لقول المجتبى و لا عذر فيما وراء الأربعين و يستحق الوعيد و فى ابى السعود عن شرح المشارق لابن ملك روى مسلم عن انس بن مالك وقت لنا في تقليم الأظفار... أن لا نترك أكثر من اربعين ليلة و هو من المقدرات التى ليس للرأى فيها مدخل فيكون كالمرفوع. (الدر المختار ٩/٥٨٣، ط: امدادية)
تركبية الأظافر الصناعية...وهذا محرم لا يجوز لانها تمنع من وصول الماء الى الظفر، و لان الشارع أمر بقص الأظافر كم فى حديث ابى هريرة في الصحيحين أن النبى صلى الله عليه و سلم قال: خمس من الفطرة و ذكر منها: و تقليم الأظفار... و اذا طالت و تفاحشت فان هذا محرم و لا يجوز... يعنى ترك أظافره حتى طالت و تفاحشت... فان هذا محرم و لا يجوز لامرين: لما فى ذلك من التشبه بالسباع و البهائم و لما فى ذلك من التشبه باهل الكفر و الشرك. (فقه النوازل ص ١٢)
2. Эми ботокс маселесине келсек; ботокс дегени бул – пластикалык хирургияда колдонулуучу бир ыкма. Ботокс аркылуу жүзүнөн, же башка бир жериндеги мүчөлөрдү чоңойтуу, же тескерисинче кичинейтүүгө болот. Мисалы: мурдун кичинейтүү, эриндерин чоңойтуу, беттеги тырыштарды кетирүү ж.б
Медицина жаатында ботокс бул – уу (яд) болуп эсептелет. Анын сөзсүз бир жерине зыяны тийип, айыккыс ооруларга учурашы мүмкүн. Ал эми шариятыбызда мындай ыкмаларга ыруксат берилбейт. Аллах Таала мындай деген:
"و لا تلقوا بأيديكم الى التهلكة" (البقرة ١٩٥)
Мааниси: «Өзүңөрдү өз колуңар менен кыйроого таштабагыла». (Бакара 195-аят)
Ошондой эле, адам баласы Кудай Таала берген табигий сулуулукка ыраазы болушу керек. Эч бир себепсиз эле келбетти өзгөртүү үчүн акча сарптоо бул – ысрап болуп саналат. Ал эми ысрапкерчиликке шариятыбыз жол бербейт. Дагы бир өтө чоң нерсе; мындай ыкма менен келбетти өзгөртүү бул «تغير خلق الله» б.а Аллах жараткан нерсени өзгөртүү болуп саналат. Мындай кылуу шариятыбыз боюнча – арам. Куранда Аллах Таала шайтанды каргышка алганда, ал өзү менен бирге адам баласын кантип азгырып тозокко алып кетерин мындай деп айткан:
"...ولآمرنهم فليغيرن خلق الله..."
Мааниси: «...жана аларга Аллахтын жараткан нерсесин өзгөртүүгө буйрамын...». (Ниса 119-аят)
Демек, эч бир себепсиз эле өз келбетин өзгөртүүгө динибизде тыюу салынат жана бул шайтандын өтө чоң азгырыгы болот. А бирок, эгерде кандайдыр бир оору, же кырсыктан улам, кайсы бир мүчөсү өзгөрүп кетип, жашоону улантууга кыйынчылык туудуруп жатса, анда шарияттын чегинен чыкпастан, табигий көрүнүшкө келтирүү үчүн, атайын ыкмаларга уруксат берилет.
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق