KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Жасалма кирпик уласа болобу?

Жасалма кирпик уласа болобу?
Исламда жасалма кирпик уласа болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эч бир себепсиз эле, болгону мода үчүн гана узун кирпик чаптатууга болбойт. Себеби, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) мындай кылгандарга каргыш айткан. Ал эми эгерде кандайдыр бир оору, же кырсык себептүү кирпиктерден ажырап калган болсо, анда шарияттын чегинен ашпастан, өзүнүн табигий көрүнүшүнө алып келүү үчүн, кирпик койсо болот. Албетте, жөн гана мода үчүн, кирпигин узартып алуу төмөнкү себептерден улам дурус эмес:

1)     Мындай кылуу динибиз боюнча уятсыздардын жоругу болуп саналат. Мусулман аял мындай көрүнүштөн өтө этият болуусу керек.

2)   Медициналык көз караштан караганда, жасалма кирпик көзгө абдан чоң зыян алып келет. Ал эми денсоолук бул аманат. Ал үчүн сурак болот.

3)   Хадистерде мындай кылууга тыюу салынган.

4)   Эң бир коркунучтуу себеби бул – Аллах жараткан нерсеге ыраазы болбой, аны өзгөртүп жиберүүгө кирет. Ал эми мындай кылуу шариятыбызда – арам.

عن اسماء بنت ابى بكر قالت: لعن النبى صلى الله عليه و سلم الواصلة و المستوصلة. (صحيح البخارى رقم الحديث: ٥٩٣٧)

في الدر: و وصل الشعر بشعر الآدمي حرام سواء كان شعرها او شعر غيرها لقوله صلى الله عليه و سلم.

و تحته في الرد: قوله (سواء كان شعرها او شعر غيرها) لما فيه من التزوير... إلخ (رد المحتار ٩/٥٣٥، ط: امدادية).

لا يجوز استخدام الاظافر الصناعية و الرموش المستعارة و العدسات الملونة لما فيها من الضرر على محالها من الجسم و لما فيها أيضا من الغش و الخداع و تغيير خلق الله. ( فتاوى اللجنة الدائمة ١٧/١٣٣)

و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق

Жооп берди:
Зарылбеков Бектен (фатва бөлүмүнүн адиси)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали (фатва бөлүмүнүн адиси), Татиков Рафаил (фатва бөлүмүнүн башчысы)
Жакты
0
17:10
1009

Башка фатвалар

Алланы элестетүүгө болобу?
Адам баласынын элеси, кыялы анын сезүү органдарынын чегинен чыга албайт, ошондуктан Алла Тааланы эле
Үч талактан соң аялы менен кайра кошулууга болобу?
“Талак” сөзү арабчадан “бошотуу”, “ыргытуу” деп которулат, ал эм
Бильярд ойносо болобу жана бильярд ойноочу жайын (клубун) ачса болобу?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Бильярд спорттук оюндардын бири эке