Ар кандай арам жол менен табылган акчаны эмне кылуу керек?

Ар кандай арам жол менен табылган акчаны эмне кылуу керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эгерде бирөө акчасын арам жол менен тапкан болсо, мисалы: бирөөдөн тартып алган, риба алган, пара алган ж.б.у.с. анда ошол акчаны ээсине кайтаруу керек. Ал эми ээси такыр табылбаса, анда ошол акчаны кембагалдарга садака кылуу керек, карыздан кутулуу максатында, аны менен кошо тооба кылып Аллахтан кечирим сураш керек.
عليه ديون لأناس لا يعرفهم من غصوب ومظالم وجبايات يتصدق بقدره على الفقراء على عزيمى القضاء إن وجدهم مع التوبة إلى الله تعالى فيعذر إلخ (الفتاوى الهندية ٥/۳٦٧ ط: سعيد).
Жогорудагы жазылган өкүм кимдин тапкан акчасы толук арам жол менен табылган. Ал эми арам адал аралашкан болсо, анын өкүмү башкача.
و الله أعلم
Жооп берди:
Татиков Рафаил (Фатва бөлүмүнүн башчысы)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали (Фатва бөлүмүнүн адиси)