Зекет канча төөдөн берилет?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эгерде төөлөр алты айдан ашык жайыттан оттоп жана алардын саны бир жыл бою бештен көбүрөөк болуп турса, анда алардын зекетин берүү фарз болуп эсептелет.
Зекеттин өлчөмү мындайча эсептелет: бештен тогузга чейин - бир кой; ондон он төрткө чейин – 2 кой; он бештен он тогузга чейин – 3 кой; жыйырмадан жыйырма төрткө чейин – 4 кой; жыйырма бештен отуз бешке чейин – бир жашар ургаачы төө; отуз алтыдан кырк бешке чейин – 2 жашар ургаачы төө; кырк алтыдан алтымышка чейин – 3 жашар ургаачы төө; алтымыштан жетимиш бешке чейин – 4 жашар ургаачы төө; жетимиш алтыдан токсонго чейин – эки 2 жашар ургаачы төө; токсон бирден жүз жыйырмага чейин – эки 3 жашар ургаачы төө; жүз жыйырма бирден жүз жыйырма тогузга чейин – эки 3 жашар ургаачы төө жана бир кой; жүз отуздан жүз отуз төрткө чейин – эки 3 жашар ургаачы төө жана 2 кой; жүз отуз бештен жүз отуз тогузга чейин – эки 3 жашар ургаачы төө жана 3 кой; жүз кырктан жүз кырк төрткө чейин - эки 3 жашар ургаачы төө жана 4 кой; жүз кырк бештен жүз кырк тогузга чейин – эки 3 жашар жана бир ургаачы төө. Эгерде төөлөрдүн саны 150гө жетсе, анда үч 3 жашар ургаачы төө берилет. Андан кийин эсеп 120 төөгө жүргүзүлгөндөй эсептелет. Эсеп ар бир 50 төөдөн соң жаңыланып турат.
Суроо: Зекет кандай төөлөрдөн берилет, бир өркөчтүүдөнбү же эки өркөчтүүдөнбү?
Жооп: Зекет бардык төөлөрдөн, бир өркөчтүүдөн да жана эки өркөчтүүдөн да бериле берет.
Эскертүү: Зекетти ургаачы төө менен гана берүүгө болот. Эркек төөлөр менен да берсе болот, бирок бул учурда аларды ургаачы төөнүн баасы менен эсептөө керек.
في الدر: (هي) الراعية، وشرعا (المتكيفة بالرعى) المباح، ذكره الشمني (في أكثر العام لقصد الدر والنسل)...إلخ (رد المحتار ۲/۲٧٧ ط: سعيد).
(خمس فيؤخذ من كل خمس) منها (إلى خمس وعشرين بخت)... (أو عراب شاة)... (ثم في مائة وست وتسعين أربع حقاق إلى مائتين، ثم تستأمف الفريضة) بعد المائتين (أدبا كما تستأنف في الخمسين التي بعد المائة والخمسين) حتى يجب في كل خمسين حقة. ولا تجزئ ذكور الإبل إلا بالقيمة للإناث؛ بخلاف البقر والغنم، فإن المالك مخير. (رد المحتار ۲/۲٧٩ ط: سعيد).
و الله أعلم