KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Канча уйдан зекет берилет?

Канча уйдан зекет берилет?
Канча уйдан зекет берилет?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгерде  бодо мал алты айдан ашык жайыттан оттоп жана алардын саны бир жыл бою отуздан көбүрөөк болуп турса, анда алардын зекетин берүү фарз болуп эсептелет. Зекеттин өлчөмү мындайча эсептелет: отуздан отуз тогузга чейин – бир бирге толуп экиге откон торпок же кунажын; кырктан – экиге толуп учко откон торпок же кунажын. Кырк баштан ашык ар бир башка 2 жашар торпоктун наркынын кырктан бир бөлүгү берилет. Мисалы, эгерде 2 жашар торпок 20 миң сом болсо, анда бир уйга - 500 сом, эки уйга – 1000 сом, үч уйга – 1500 сом ж.у.с. Мындайча айтканда, кимдин 42 ую болсо, анда бир эки жашар торпок жана 1000 сом берилет. Бул Абу Ханифанын (рахм.ал) пикири боюнча. Ал эми Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммад (рахм.ал.)  кырктан алтымыш башка чейин эч нерсе кошулбайт дешет. Уйлардын саны 60 ка жеткенде зекетке 2 бир жашар торпок берилет, анткени 60 бул эки жолу 30 дегенди билдирет, ал эми 30 башка бир жашар торпок берилип жатат. 69 башка чейин эч нерсе кошулбайт. 70 баштан бир 2 жашар жана бир 1 жашар торпок берилет. 79 башка чейин эч нерсе кошулбайт. 80 башка жеткенде 2 эки жашар торпок берилет. Анткени, 80 бул эки 40 дегенди билдирет, ал эми 40 башка бир 2 жашар торпок берилип жатат. Мындайча айтканда, зекет ар бир отуз башка 1 бир  жашар торпок, ал эми ар бир кырк башка 1 эки жашар торпок берилет.

Суроо: Зекет уйлардан эле берилеби, же буйволдордон дагыбы?

Жооп: Зекетти уйлардан, буйволдордон, букалардан жана өгүздөрдөн берүү фарз.

في الدر: (نصاب البقر والجاموس)... (ثلاثون سائمة) غير مشتركة (وفيها تبيع) لأنه يتبع أمه (ذو سنة) كاملة (أو تبيعة) أنثاه...(ثم في كل ثلاثين تبيع، وفي كل أربعين مسنة)... إلخ (رد المحتار ۲/۲۸٠ ط: سعيد).

و الله أعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил (Фатва бөлүмүнүн башчысы)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали (Фатва бөлүмүнүн адиси)
Жакты
+1
22:15
1200

Башка фатвалар

Арендага берилген квартирадан зекет берилеби?
  Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Кыймылсыз мүлк, эгерде ал
Зекет канча төөдөн берилет?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде  төөлөр  алты айдан ашык жайыт
Зекет канча койдон берилет?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде  койлор алты айдан ашык жайыттан от