Зекет канча койдон берилет?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эгерде койлор алты айдан ашык жайыттан оттоп жана алардын саны бир жыл бою кырктан көбүрөөк болуп турса, анда алардын зекетин берүү фарз болуп эсептелет. Зекеттин өлчөмү мындайча эсептелет: кырктан жүз жыйырма башка чейин – бир кой; жүз жыйырма бирден эки жүзгө чейин – эки кой; эки жүз бирден үч жүз токсон тогузга чейин - үч кой; төрт жүздөн төрт жүз токсон тогузга чейин – төрт кой. Андан ары ар бир жүз башка бир кой берилет: 500 – 599 чейин башка - 5 кой; 600 башка – 6 кой, 700 башка – 7 кой ж.у.с.
Суроо: Эчкилерден зекет берилеби?
Жооп: Ооба, койлор сыяктуу эле эчкилерден дагы зекет бериш керек. Эчкилердин зекети койлордуку сыяктуу эсептелет.
في الدر: (نصاب الغنم ضأنا أو معزا)... (ثم) يعد بلوغها أربعمائة (في كل مائة شاة) إلى غير نهاية (ويؤخذ في زكاتها) أي العنم (الثني)... (رد المحتار ۲/۲۸١ ط: سعيد).
Суроо: Качырлардан жана эшектерден зекет берилеби?
Жооп: Жок, качырлардан жана эшектерден зекет берүү фарз эмес.
في الدر: (و) لا في (بغال وحمير) سائمة إجماعا (ليست للتجارة) فلو لها فلا كلام (رد المحتار ۲/۲۸۲ ط: سعيد).
و الله أعلم