Шарап ичүүнү адат кылып алган адам, бутпарастарга сыйынган адам сыяктуу. Бул хадис сахихби?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Аллах Таала спирттик ичимдиктерди ичүүдөн тыйган жана бул өтө чоң күнөө.
Спирттик ичимдиктерди ичүүнү адат кылып алган адамды бутпарастарга окшотуу туурасында келген хадистерди талдоо
Имам Ахмад (рахматуллохи алайхи) өзүнүн «Муснад Ахмад» китебинде Абдуллах бин Аббас (разияллоху анху) дан хадис алып келген: Алланын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:
حَدَّثَنَا أَسْوَدُ بْنُ عَامِرٍ، حَدَّثَنَا الْحَسَنُ يَعْنِي ابْنَ صَالِحٍ،عَنْ مُحَمَّدِ بْنِ الْمُنْكَدِرِ، قَالَ: حُدِّثْتُ عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ، أَنَّهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم: " مُدْمِنُ الْخَمْرِ إِنْ مَاتَ، لَقِيَ اللَّهَ كَعَابِدِ وَثَنٍ "
Котормосу: «Вино ичүүнү адат кылып алган (адам) өлгөндө Аллахка бутпарас болгон абалда жолугат!»
Бул хадисти Ибн Хиббан өзүнүн «Сахих ибн Хиббан» аттуу китебинде, ушул санадта, ушундай сөздөр менен алып келген. Ошондой эле бул хадисти Хафиз Абдурраззак өзүнүн «Ал-Мусаннаф» (17070) китебинде Ибн Аббас (разияллоху анху) дан алып келген. Алланын Элчиси (саллаллоху алайхи ва саллам) айтты: «Вино ичүүгө адаты болгон абалда өлгөн адам, Аллах ага ачууланган абалда жолугат жана ал бутпараска окшош».
Бул хадистин санадында Ибн Аль-Мункадир деген риваятчы бар, ал Ибн Аббас (разияллоху анху) дан түздөн – түз уккан эмес, башка риваятчыдан уккан, бирок анын атын атаган эмес. Демек бул хадистин санадында инкитаъ (үзүк) бар. Ал эми Мухаддистердин (Хадисчилер) көз карашында мындай хадис алсыз (заъиф) деп аталат, башка риваятчылар ишеничтүү болсо да.
Ошондой эле Ибн Аббас (разияллоху анху) дан болгон хадис башка санад менен Саъид ибн Жубейра дан да риваят кылынат, ал дагы алсыз деп эсептелет, риваятчылардын алсыз себебинен. Имам ибн Маажа өзүнүн «Сунан Ибн Маажа» китебинде Абу Хурайра (разияллоху анху) дан риваят кылат, Алланын элчиси (саллаллоху алайхи ва саллам) айтты:
حدثنا أبو بكر بن أبي شيبة ومحمد بن الصباح، قالا: ثنا محمد بن سليمان الأصبهاني، عن سهيل، عن أبيه، عن عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "مدمن الخمر كعابد وثن". (سنن ابن ماجه رقم: ۳۳٧٥ ط: دار احياء الكتب العربية).
Котормосу: «Вино ичүүнү адат кылган адам бутпарас сыяктуу».
Бул санадта бардыгы ишеничтүү Мухаммад бин Сулайман Ал-Асбаханийден башкасы. Имам Насаи, Абу Ахмад ибн Аадий, Абу Хатим жана башка мухаддистердин көз карашында, ал дагы алсыз риваятчы деп эсептелет. (Тахзииб аль – Камаал 25/310,5262).
Мындай сөздөр Анас (разияллоху анху) дан да риваят кылынат. Бул хадисте Имам Табараний өзүнүн «Аль-Мужмаль аль-Авсат» китебинде риваят кылган. «Муснад Баззара» китебинде Абдуллах ибн Амрдан келген. Ушундай мааниде башка көптөгөн хадистерде риваят кылынган. Мисалы: Хаафиз Абдурраззак Масрук бин аль-Ажданын сөздөрүн алып келет: «Вино ичкен адам, бутпарас сыяктуу, вино ичкен адам Лат жана Уззага сыйынган адам сыяктуу». («Муссаннаф» 17064). Бул хадистерди көптөгөн Мухаддистер өздөрүнүн китептеринде алып келишкен.
Хадистин сахихтиги туурасында жыйынтык
Биз көргөндөй эле бул хадистин санады алсыз, ошондуктан бул хадис сахих эмес, бирок алар бири – бирин бекемдешет, жана бул хадистин негизи бар деп айтса болот.
Хадистин мааниси
Жогоурад келген хадистерде спирт ичимдиктерди ичүү бутпарастарга сыйынууга салыштырылат. Биз айткандай эле спирт ичимдиктерди ичүү бул өтө чоң күнөө, бирок куфурчулук эмес, ал эми бутпарастарга сыйынуу бул куфурчулук. Бирок Ахлу Сунна вал Жамаат бир ооздон спирт ичимдикти ичүү адамды Исламдан чыгарбайт, эгер ал муну адал деп эсептебесе деп айтат. Башка сахих хадистер бар, спирт ичимдигин ичүү жек көрүлгөн иш жана чоң күнөө. Бирок мусулманды Исламдан чыгарбайт.
Ошондой болсо да ыймандуу адам Аллах Тааладан коркуу керек, анткени биз жогоруда айткандай эле бул өтө чоң күнөө, жана керек болсо Аллах Таала спирт ичимдикти тыйуу менен бутпараска сыйынууну бир аятта бириктирди:
«Чындыгында мас кылуучу ичимдиктер, кумар оюундар, (сыйынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар». (Мааида /90).
Бул хадистин максаты ыймандуулардын бутпарастарга сыйынуудан сактангандай эле спирт ичимдиктерден сактануусун көрсөтүү. Мүмкүн бул хадистеги спирт ичимдигин адат кылып алган адам менен бутпарастын окшоштугу, бутпарас өзүнүн буттарына канча сыйынсада жана алардан канча сураса дагы анын дубалары жана суранычы пайдасыз. Так ушундай эле Аллах Таала вино жана спирт ичимдиктерин ичкен адамдын дубасын жана намазын кабыл кылбайт. Хадисте Аллах Таала вино ичкендин ибадатын кабыл кылбайт деп айтылып жатпайбы. Мүмкүн бул сактануу, эгер ыймандуу адам Аллахтын тыйганына карабастан вино ичсе, өлүм алдында ыйманын жоготот, м.а. Аллах ага ыймандуу абалда өлүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.
Аллах Таала бизди бул нерседен сактасын жана туура жолдо жүрүүгө тоупик берсин!
و الله أعلم