Куран окушту үйрөтүп Курандан сабак берип үйрөткөнүнө акча алса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Куранды окутуу жана үйрөтүү диний кызматтын эң жогорку деңгээли болуп саналат. Албетте, кимдин мүмкүнчүлүгү болсо акысыз сабак берүү бул эң чоң нээмат. Куранга акы төлөп окутууга болот. Себеби диний кызматкерлерге жакшы көңүл бурулбагандыктан улам, эгер акы төлөнбөсө анда, мугалимдер табылбай калуу коркунучу болгон себептүү динди коргоо жана сактап калуу максатында акча берип окутса болот. Ошондуктан динди коргоо зарылдыгын эске алып, кийинки Ханафий аалымдар Соохибу Хидая жана башка уламаларыбыз Куранды, хадисти жана фикхти үйрөткөндүгүнө жана Имамчылык кылгандыгына акы алууну адал деп уруксат беришкен.
قال العلامة الحصكفي رحمه الله تعالي: في الدر: و يفتي اليوم بصحتها اي (الإجارة) علي تعليم القرآن والفقه والإمامة والأذان. (الدر مع الرد: ٥/٤٦).
فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ