KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Мөөнөтү өткөн товарларды сатууга шарият уруксат береби?

Мөөнөтү өткөн товарларды сатууга шарият уруксат береби?
Мөөнөтү өтүп кеткен продуктуларды саткандар аябай көп, бул нерсе шариятта кандай каралат, мөөнөтүнөн бир күн өтсө да сатпаш керекпи? Сыртына башка датаны чаптап саткандар арбын.

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Негизи, айнып кала турган тамак – аш азыктардын, суусундуктардын мөөнөтү өтүп кеткен болсо жана аны сатып алып колдонгондо, денсоолукка зыян келтирсе, анда аны саткан адам чоң күнөөкөр жана арам иш кылган болуп саналат.

Базарда, маркетте мөөнөтү өтүп кеткен буюмдарды саткан адамдар сатып алуучуларды алдашат же башка даталарды коюп айлакерлик кылып калп айтышат. Бул эки сүрөттө тең калп айтуу жана айлакерлик кылуу менен алдоо бар.  Демек, элди алдап, иш жүзүндө калп айтуу менен, мөөнөтү өтүп кеткен буюмдарды сатуу туура эмес. Бирок, сатып алуучунун алдында ошол буюмдардын кемчилигин көрсөтүп жана ал сатып алганга макул болсо,  жана ылайыктуу баада сатылса анда аны сатып алса болот.

Албетте, мыйзам тарабынан мөөнөтү өткөн буюмдарды сатып алууга жана сатууга тыюу салынгандыктан, мындай нерселерди саткандан алыс болуңуз.

عن ابن عمر رضي اللّه عنهما أن النبي صلی الله عليه وسلم قال: إذا کذب العبد تباعد عنه الملَکُ میلاً من نتن ما جاء به الخ (سنن الترمذي، رقم: ۱۹۷۲) ،

عن عبد اللّه بن مسعود رضي اللّه عنه قال: قال رسول اللّه صلی اللّه عليه وسلم: … إیاکم والکذب؛ فإن الکذب يهدي إلی الفجور، وإن الفجور يهدي إلی النار، وما یزال الرجل یکذِبُ ویتحریَّ الکذب حتی یُکتَب عند اللّه کَذَّابًا (الصحیح لمسلم، کتاب البر والصلة، باب قُبح الکذب وحسن الصدق وفضلہ، ۲: ۳۳۶، رقم: ۲۶۰۷ ط: بیت الأفکار الدولیة، سنن الترمذي، أبواب البر والصلة، باب ما جاء في الصدق والکذب ۲: ۸) ،

عن أبي هریرة رضي اللّه عنه أن رسول اللّه صلی اللّه عليه وسلم مرَّ علی صبرةٍ من طعام فأدخل یدہ فيها فنالت أصابعه بللاً فقال: یا صاحب الطعام ما هذا؟ قال: أصابته الماء یا رسول اللّه! قال: أفلا جعلته فوق الطعام حتی یراه الناس، ثم قال: من غش فلیس منا (سنن الترمذي، أبواب البیوع، باب ما جاء في کراهية الغش في البیوع ۱/۴۵، رقم: ۱۳۱۵) ،

عن ابن عمر رضي اللّه عنهما قال: سمعت رسول اللّه صلی اللّه عليه وسلم یقول: إن الغادر ینصب له لواء یوم القیامة (سنن الترمذي، أبواب السیر، باب ما جاء أن لکل غادر لواءً یوم القیامة ۱: ۲۸۷) ،

 لافرق بین الکذب بالکتابة أو التکلم (تکملة رد المحتار ۱: ۱۵۹

 لا یحل کتمان العیب في مبیع أو ثمن؛ لأن الغش حرام الخ (الدر المختار مع رد المحتار ۷: ۲۳۰)

عن کثیر بن عبد اللّه بن عمرو بن عوف المزني عن أبيه عن جده أن رسول اللّه صلی اللّه عليه وسلم قال: …، والمسلمون علی شروطهم إلا شرطاً حرم حلالاً أو أحل حراماً، هذا حدیث حسن صحیح (سنن الترمذي، أبواب الأحکام، باب ما ذکر عن النبي صلی الله عليه وسلم فی الصلح بین الناس ۱: ۲۵۱)۔

فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+2
18:53
1405

Башка фатвалар

Азыркы учурда көп кондитер азыктарына спирт кошулат шариятта ушундай азыктарды жегенге уруксат береб
Мээримдүү Боорукер Алланын аты менен Эгерде спирт курмадан, жүзүмдөн, мейизден алынган болсо, 
Маргаринди колдонгонго уруксатпы?
Ва алейкум ассалам  ва рахматуллохи ва баракатуху.
Банктык карталардын шарияттагы абалы
Банктын пластикалык картасы (же банктык төлөм картасы) накталай эмес эсептешүү каражаты болуп эсепте