Биткоин соода-сатык кылса болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Биткоин жана башка криптовалюталар боюнча аалымдар бир чечимге келе элек, азыркы күнгө чейин талкуулар жүрүп жатат. Бул маселе шектүү болуп жатканына байланыштуу, азырынча андан сактанып туруу керек.
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айтат:
"إِنَّ الْحَلَالَ بَيِّنٌ، والْحَرَامَ بَيِّنٌ، وبَيْنَهُمَا مُشْتَبِهَاتٌ لَا يَعْلَمُهُنَّ كَثِيرٌ مِنَ النَّاسِ، فَمَنِ اتَّقَى الشُّبُهَاتِ فَقَدِ اسْتَبْرَأَ لِدِينِهِ، وعِرْضِهِ، ومَنْ وقَعَ فِي الشُّبُهَاتِ وقَعَ فِي الْحَرَامِ... إلخ" مُتَّفَقٌ عَلَيْهِ.
Котормосу: “Чындыгында, адал жана арам анык. Ал эми ал экөөнүн ортосунда шектүү нерселер бар, адамдардын көпчүлүгү аны билишпейт. Андыктан, ким шектүү нерселерден алыс болсо, ал өзүнүн динин жана абройун таза сактаган болот, ал эми ким шектүү нерселерге кирсе, ал арамга кирген болот”.
و الله أعلم