Бир иш менен алек болгон учурда Куран укса болобу?

Кандайдыр бир иш кылып жатканда Куран укса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Куран Аллах Тааланын китеби, ошондуктан ага сый – урмат жана адеп кылуу керек. Куран окулуп жатканда аны көңүл коюп угуу сыйлагандыкка жатса, демек Куран окулуп жатканда, кандайдыр бир иш менен алек болуу аны сыйлабагандыка жатат жана адепке каршы болот. Ошондуктан Куранды сиз аны угууну каалаганда жана анын адебин аткара алганда коюп угуу керек.
وَإِذَا قُرِئَ الْقُرْآنُ فَاسْتَمِعُوا لَهُ وَأَنصِتُوا لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ (الأعراف الآية: ٢٠٤).
Котормосу: “Эгер Куран окулса, унчукпастан аны уккула мүмкүн силерге ырайым кылынаар”.
و الله أعلم
Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали