KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Каза намаздарды отуруп окуса болобу?

Каза намаздарды отуруп окуса болобу?
Мен алдынкы каза намаздарымды калтырбай окуйм, анан эгерде бутум, же колум сынып же ооруп калып, намазды кандай болсо ошондой окуй албай калсам, отуруп, жатып ж.б кылып каза намаздарды окусам болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Негизи, каза намаздары да парз намаздары сыяктуу эле туруп окуу керек. Ал эми, эгерде намазды толук туруп окуй албасаныз, мисалы : турганда жыгылып калуу коркунучу болсо, же туруп окуганда денеге куч келип катуу ооруса,  же тизе-муундар иштебей калса, анда сизге туруп намаз окуу фарз эмес, отуруп окусаңыз болот. Жана эгер отуруп намаз окуп жатканда, оору кайтып жакшы болуп калсаныз, намаздын калган рекеттерин туруп улантасыз.

Кыскасы, канчалык узак турууга мүмкүнчүлүгүңүз болсо, ошончолук туруп, андан кийин отурушунуз керек. Мисалы:  эгерде,  ТАКБИР ТАХРИМА айтканчалык күч – кубат болсо, анда туруп ТАКБИР ТАХРИМА айтып намазды баштоо керек. Андан кийин туруп окуп намазды улантууга күч – кубатыңыз жетпесе, отуруп намазды бутуросуз.

Ал эми, жерде отуруп сажда кыла албасаныз, анда сиз башынан эле намазды отуруп окусаңыз болот, туруу сизге фарз эмес. А, эгерде отуруп окууга да мүмкүнчүлүк болбосо, анда жатып има-ишара менен намаз окуйсуз.

Шарият фарз намаздарга отуруп окууга уруксат бергендей эле каза намаздарга да уруксат берет.

و في الدر:
"( من تعذر عليه القيام ) أي كله ( لمرض ) حقيقي وحده أن يلحقه بالقيام ضرر وبه يفتى ( قبلها أو فيها ) أي الفريضة ( أو ) حكمي بأن ( خاف زيادته أو بطء برئه بقيامه أو دوران رأسه أو وجد لقيامه ألما شديدا ) أو كان لو صلى قائماً سلسل بوله أو تعذر عليه الصوم كما مر ( صلى قاعداً ) ولو مستنداً إلى وسادة أو إنسان؛ فإنه يلزمه ذلك على المختار ( كيف شاء ) على المذهب لأن المرض أسقط عنه الأركان فالهيئات أولى  وقال زفر: كالمتشهد، قيل: وبه يفتى، ( بركوع وسجود وإن قدر على بعض القيام ) ولو متكئاً على عصاً أو حائط ( قام ) لزوماً بقدر ما يقدر ولو قدر آية أو تكبيرة على المذهب؛ لأن البعض معتبر بالكل"(الدر المختار:ج/٢،ص:٩٥).
و في الدر:
قال العلامة الحصكفي رحمه الله تعالي: من فرائضها...... ومنها القيام في فرض لقادر عليه،
وفي الشامية تحته، قوله (لقادر عليه) فلو عجز عنه حقيقة وهو ظاهر أو حكما كما لو حصل له به ألم شديد أو خاف زيادة المرض وكالمسائل الآتية في قوله وقد يتحتم القعود الخ فإنه يسقط.  (الدر المختار ج/١،ص:١٤٢،و ص:٤٤٤/ط: سعيد).
وفي بدائع:
وأما كيفية قضاء هذه الصلوات فالأصل أن كل صلاة ثبت وجوبها في الوقت و فاتت عن وقتها أنه يعتبر في كيفية قضائها وقت الوجوب وتقضي علي الصفة التي فاتت عن وقتها. (بدائع الصنائع:١/٢٤٧، فصل في بيان حكم الصلاة إذا فسدت أو فاتت عن وقتها سعيد).
وفي الدر:
صلي في مرضه بالتيمم و الإيماء ما فاته في صحته صح، و لا يعيد لو صح.
و في الشامية: قال العلامة إبن عابدين رحمه الله تعالي: (صح) لأنه مخاطب بقضائها في ذلك الوقت فيلزمه قضاؤها علي قدر وسعه، أما إذا لم يكن عذر فإنه يلزمه قضاء الفائتة علي الصفة التي فاتت عليها. (رد المحتار:ج/٢،ص/٥٣٨، كتاب الصلاة،باب قضاء الفوائت).

فقط و الله أعلم و علمه أتم

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
0
17:48
696

Башка фатвалар

Багымдаттан кийин күн чыкканга чейин каза намаздарды окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Багымдат намазды окугандан кийин күн чыгып башта
Жума намаздын хутбасы башталганда сүннөт намаз окуса болобу?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен. Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Каза намаздарды окууда азан жана коомат айтуу керекпи, кенениреек айтып кетесизби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Бардык фарз намаздар үчүн, убагындагыбы же каза