KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Жума күнү Пайгамбарыбызга (соллаллоху алейхи ва саллам) салават айтуу

Жума күнү Пайгамбарыбызга (соллаллоху алейхи ва саллам) салават айтуу
Жума намазынын аягында Пайгамбарыбызга (соллаллоху алейхи ва саллам) айтылуучу салаватты жазып коесузбу сураныч.

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

 Негизи жума намазынан кийин гана окулуучу салават деп атайын бир өзгөчө салават белгиленген эмес. Бирок, кээ бир Фазаил (пазилеттер) китептерде төмөнкү риваят келтирилген:

«Кимде-ким жума күнү Асыр намазын окугандан кийин, ордунан туруштан мурун төмөнкү салаватты 80 жолу окуса, анда анын 80 жылдык күнөөлөрү кечирилип, 80 жылдык ибадаттын сообу жазылат. Ал салават бул «Аллоохумма солли ъалаа мухаммадинин-набийил-уммийи ва ъалаа аалихи ва саллама таслиимаа». Эми мындан тышкары кайсы салаватты билсеңиз, ошону окусаңыз болот. Албетте, жума күнү көп салават айтуу бул – өтө соопту амал. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) мындай деген: «Чындыгында, силердин эң жакшы күнүңөр бул – жума күн. Ошондуктан, жума күнү мага көп салават айткыла. Себеби, силердин айткан салаватыңар мага жеткирилип турат...» (Абу Дауд)

Азирети Айша энебиз (розияллоху анха) риваят кылган хадисте мындай деп келген: Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) айткан: «Кимде-ким жума намазынан кийин 7 жолудан «Ихлас», «Фалак» жана «Нас» сүрөлөрүн окуса, анда келээрки жума күнгө чейин Аллах Таала аны жамандыктардан коргоп коет». Мына ушул амалдар менен бирге жума күнү көп дуа кылып, «Кахф» сүрөсүн окуганды да унутпаңыз.

قال رسول الله صلى الله عليه و سلم: "من صلى صلاة العصر من يوم الجمعة فقال قبل أن يقوم من مكانه "أللهم صل على محمد النبي الأمي و على اله و سلم تسليما" ثمانين مرة غفرت له ذنوب ثمنين عاما و كتبت له عبادة ثمانين سنة". (القول البديع)

عن أوس ابن أوس رضي الله عنه: قال رسول الله صلى الله عليه و سلم: "إن من أفضل ايامكم يوم الجمعة، فأكثروا علي من الصلوة فيه، فأن صلاتكم معروضة علي..." (أبو داود)

عن عائشة رضى الله عنها قالت: قال رسول الله صلى الله عليه و سلم: "من قرأ بعد صلوة الجمعة قل هو الله أحد، و قل أعوذ برب الفلق، و قل أعوذ برب الناس سبع مرات أعاده الله عز و جل بها من السوء الى الجمعة الأخرى". (الأذكار للامام النووى)

و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق

Жооп берди:
Зарылбеков Бектен (фатва бөлүмүнүн адиси).
Текшерди:
Исмайилов Жигитали (фатва бөлүмүнүн адиси), Татиков Рафаил (фатва бөлүмүнүн башчысы)
Жакты
0
05:34
293

Башка фатвалар

Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва салламды) түштө көрүү үчүн кандай амал кылуу керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва
Пайгамарыбыз (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) салаватка муктажбы?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысысмы менен Валейкум ассалам ва рахматуллахи в
Нафил намаздарында 2 рекетинде ташаххуддан кийин салават дагы окулабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Нафил намаз төрт рекеттүү болсо, анда экиничи р