Эркек төшүндөгү жана аркасындагы түктөрдү кыруу болобу?

Эркек төшүндөгү жана аркасындагы түктөрдү кыруу болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Төшүндөгү жана аркасындагы түктөрдү зарылчылык болсо болот. Ал эми зарылчылык болбосо, анда денедеги түктөрдү кырбай өз абалына калтырган жакшыраак.
وفي حلق شعر الصدر والظهر ترك الأدب كذا في القنية (الفتاوى الهندية ٥/۳٥۸ ط: سعيد).
Суроо: Мойнундагы түктөрдү кыруу болобу?
Жооп: Эгер түктөр көбөйүп кетип, жаман көрүнсө анда уруксат, болбосо аларды тийбей эле коюу эң жакшы.
ولا يحلق شعر حلقه وعن أبي يوسف رحمه الله تعالى لا بأس بذلك ( الفتاوى الهندية ٥/۳٥۸ ط: سعيد).
و الله أعلم
Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали